Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Абылгазиев: жолдогу паракорлорду рейд жүргүзүп аныктагыла!

253
(жаңыланган 21:35 05.01.2019)
Өкмөт башчы кыска мөөнөттө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында коррупция фактыларынын алдын алуу жана аныктоо боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жолдордо паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча туруктуу негизде атайын рейддерди жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев айрым милиция кызматкерлери мыйзамсыз аракеттери менен элдин нааразычылыгын жана сын пикир жаратып жатканына токтолду.

"ИИМ жолдордо тартипке келтирүү сыяктуу кеңири жана абдан зарыл иштерди акча табуу ыкмасы катары караган кызматкерлерден арылуусу керек. Дал ушул ЖКККББ кызматкерлери жол коопсуздугу тармагындагы реформалардын башкы кыймылдаткыч күчү болуусу кажет. Башкы милдет — айдоочулар жол эрежелерин бузбоого тийиш. Жол кырсыктарынан адамдарыбыз майып болуп жана өмүрлөрү кыйылбашы керек", — деди премьер.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында коррупция фактыларынын алдын алуу жана аныктоо боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"ИИМ УКМК менен биргеликте жолдордо паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча туруктуу негизде атайын рейддерди жүргүзүүсү зарыл. Биз жолдордун коопсуз жана ыңгайлуу болушун каалайбыз, анткени учурда өлкөдө жолдордун абалы али татаал бойдон калууда. Авария кооптуулугу жогору бойдон турат. Ошондуктан инспекторлор өз милдетин натыйжалуу аткарышына жетишишибиз керек, алар жол коопсуздугун камсыздап жана элдин ишенимине татыктуу болуу үчүн умтулушу зарыл", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өлкөдө автоунаалардын санынын өсүү тенденциясын эске алуу менен премьер-министр жол кыймылын, айрыкча борбор шаардын кыймыл жыш жолдорунда башкаруу механизмдерин жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

253
Белгилер:
жол эрежеси, өкмөт, УКМК, ИИМ, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
Абылгазиев: айып пулдун жогорулатылышы - кырсыктын алдын алуу чараларынын бири
Ысык-Көлдө мас айдоочуга алгачкы жолу 17,5 миң сом айып салынды. Сүрөт