Жол кайгуул кызматкери. Архив

Күбөлүгүңдү эч ким албайт! Инспекторлор айдоочуларга жаңы эрежелерди түшүндүрүүдө

811
(жаңыланган 14:05 07.01.2019)
Жаңы кодекс 1-январдан тарта күчүнө кирди.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору жеке жана коомдук транспорттун айдоочуларынын арасында жаңы эрежелерди түшүндүрүп беришти. Бул тууралуу Чүй ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта жолдо жүрүүнүн кээ бир эрежелерин бузганы үчүн салынган айып пулдардын көлөмү жогорулады. Анда автоунааны мас болуп айдаган киши 17 500 сом, ал эми кызматтагылар 55 000 сомго чейин айып пул төлөй баштайт деп жазылган.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында инспекторлор бузулган кайсы эрежеге канча айып пул салынарын айтып берип, мындан ары жол эрежесин бузган кишинин айдоочулук күбөлүгү алынбай турганын белгилешти.

Жаңырган жаңы жылдын алгачкы үч күнүндө эле инспекторлордун кылтагына 15 мас айдоочу илинип, жалпысынан 262 миң 500 сомдук айып тартышты.

811
Белгилер:
айып пул, айдоочу, инспектор, Чүй облусу
Тема боюнча
Мас болуп айдасаңыз эми... 55 миң сомго чейин айып төлөйсүз. Жаңы эреже күчүнө кирди
Үч күн ичинде 15 мас айдоочуга ири көлөмдө айып пул салынды