Милиционерлер айлаңызды кетирип опузаласа... Арызданчу номерлер

Жазылуу
Органдар тарабынан арызды кабыл албай коюу, пара талап кылуу, опузалоо, коркутуу сыяктуу фактыларга күбө болсоңуз, дароо кабарлаңыз.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Милиционерлердин мыйзамсыз жоруктарына күбө болгон жарандар ИИМдин Ички иликтөө кызматына ишеним телефону аркылуу арыздана алат. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Органдар тарабынан укук бузуу же кылмыштуулук тууралуу арызды кабыл албай коюу, пара талап кылуу, опузалоо, коркутуу сыяктуу фактыларга күбө болгон адам дароо кабарлашы зарыл.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз иштерге барып, жада калса кылмыш жасаган учурлары кездешет. Мындай учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефонуна чалыңыз. Милиционерлердин укук бузуулары тууралуу бизге кабарлап туруңузду өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта.

Ички иликтөө кызматынын телефон номери — 0704 99-99-18, нөөмөт бөлүмү — 0 (312) 66-23-31.

Жаңылыктар түрмөгү
0