ЖМК: Казакстандын жараны КР менен чектешкен жерде кар кишиге тамак берип жатат

© Sputnik / Илья Тимин / Медиабанкка өтүүТокойдо жүргөн адам. Архив
Токойдо жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын белгилүү окумуштуусу Казакстанда кар киши бар экенин тастыктай турчу далилдер бар экенин айтууда.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кар кишини издөө боюнча ондогон экспедицияга катышкан россиялык криптозоолог Игорь Бурцев Казакстанда кар киши бар экенин, ал адамдар менен байланышта экенин айтууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кар кишини СССРде биринчилерден болуп профессор Борис Поршнев изилдеген. Ал эми Игорь Бурцев анын ишин улантып, СССРде жана чет жакта экспедицияларды уюштурган.

Ал кар кишини издеп Кабардино-Балкария, Азербайжан, Абхазия, Тажикстан, Кыргызстан, Йемен, Казакстан жана АКШга чейин барып келген.

"Казакстанда кар киши жергиликтүү кишилер менен байланышка чыгат. Мисалы, Жамбыл облусунун Кыргызстан менен чектешкен жериндеги айылдын тургуну кар киши менен такай жолугуп, ага тамак берип турат", — деди криптозоолог.

Окумуштуунун ырасташынча, кар кишилердин өзүлөрүнүн жазуусу бар, рун жазууларынын жардамы менен сүйлөшүшөт. Андан сырткары, бактардын сынган бутактары аркылуу билдирүү таштап турушат.

Бурцев ошондой эле айылдыктар аны "кийик адам" деп аташарын билдирди. Талгардагы тургундардын бири алардын жазуусун өздөштүрүп, кар киши менен рун жазууларынын жардамы менен сүйлөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0