Кыргызстандагы мамлекеттик компаниялардын башчылары канча айлык алат

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение и увольнение чиновников
Назначение и увольнение чиновников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери 8 миң сомдон аз айлык алат.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы мамлекеттик компаниянын жетекчисинин эң көп айлыгы 98,5 миң сомго жетет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу билдирди.

Ага ылайык, мүлктү башкаруу фондусу 99 мамлекеттик компания менен иштейт. Алардын башчылары 7,6 миң сомдон 98,5 миң сомго чейин маяна алышат.

Мамлекеттик мекемелерде иштегендердин айлыгы төмөнкүчө:

— 28 мамлекеттик ишкананын жетекчисинин айлыгы 10 миң сомго чейин;

— 35 ишкананын башчысы 20 миң сомго чейин;

— 12 компаниянын директорлору 30 миң сомго чейин;

— 10 мекеменен жетекчиси 40 миң сомго чейин;

— 3 компаниянын башчысы 50 миң сомго чейин;

— 7 ишкананын директору 60 миң сомдон жогору.

Жаңылыктар түрмөгү
0