КТРК имаратынын алдындагы митинг

Бишкектеги митинг аяктады. Алардын талабы КТРКдан көрсөтүлмөй болду

1230
(жаңыланган 13:45 08.01.2019)
Митингчилердин талабы КТРКдан көрсөтүлмөй болду.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Бишкекте кытайлыктарга жарандык бербөө жана Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстеги айып пулдардын жогору экенине каршы болгондордун митинги аяктаганын кабарчыбыз жеринен билдирди.

"Ала-Тоо" аянтында башталган митинг КТРК имаратынын алдында аяктады. Чогулгандар КТРКнын башчысы Илим Карыпбековдун чыгуусун талап кылышкан.

  • Митинг у здания КТРК в Бишкеке
    Бишкекте кытайлыктарга жарандык бербөө жана Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстеги айып пулдардын жогору экенине каршы болгондордун митинги аяктады
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • Митинг у здания КТРК в Бишкеке
    "Ала-Тоо" аянтында башталган митинг КТРК имаратынын алдында аяктады.
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • Митинг у здания КТРК в Бишкеке
    Чогулгандар КТРКнын башчысы Илим Карыпбековдун чыгуусун талап кылышкан.
    © Sputnik / Максат Элебесов
1 / 3
© Sputnik / Максат Элебесов
Бишкекте кытайлыктарга жарандык бербөө жана Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстеги айып пулдардын жогору экенине каршы болгондордун митинги аяктады

Карыпбеков чогулгандар менен жолугуп, алардын талабы сөзсүз түрдө КТРКнын эфиринен кетет деп сөз берди. Андан сырткары, мамлекеттик тийиштүү органдардын катышуусу менен түз эфирде талкуу уюштуруп бере турганын айтты. Митингге чыккандар боюнча маалымат бүгүн "Ала-Тоо 24" каналынан берилерин кошумчалады. Ал үчүн митингчилердин атынан 2-3 өкүл өз талаптарын КТРКнын кабарчысына айтып бериши керек.

1230
Белгилер:
ЖМК, талап, митинг, КТРК, Илим Карыпбеков
Тема боюнча
Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы митинг. Тексттик трансляция
Бишкектин борборунда 200дөй киши митингге чыкты. Сүрөт