Айыл. Архив

Кой-Таштан түндө тапичкечен чыгып кеткен киши изделүүдө. Сүрөт

235
(жаңыланган 18:17 08.01.2019)
Издөөгө алынган жаран 53 жашта.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Аламүдүн РИИБи Кой-Таш айылындагы кашардан 12-декабрдын түнүндө чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон 53 жаштагы Темиркул Соронбаевди издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Без вести пропавший Темиркул Соронбаев
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Без вести пропавший Темиркул Соронбаев

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арыкчырай, көзү кара, чачы күрөң, ак аралап калган. Үстүнө кара түстөгү жемпир, кара түстөгү жинсы, бутуна сланцы кийген.

Милиция эгер аталган жаранды көргөн-билгендер болсо, 0 (312) 36-35-27, 0701(67-55-56), 0700 (20-96-66), 0704 (31-25-05), 0552 (22-06-92) телефондоруна же 102 номерине чалып кабарлап коюуну суранат.

235
Белгилер:
милиция, издөө, Чүй облусу
Тема боюнча
Лебединовкада милиционер аялды зордуктоо аракети болду. Чоо-жайы