Жогорку Кеңешти көздөй түкүргөн киши Тоңдон табылды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүргөн киши бийликке нааразычылыгын билдирген.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Укук коргоочулар айып пулун камдап алып Жогорку Кеңешти көздөй атайын түкүргөн кишинин ким экенин аныктап, ал жөнүндө маалыматтарды Тоң РИИБине жөнөткөн. Бул тууралуу Ысык-Көл милициясынан маалымдашты.

© Фото / УВД Иссык-Кульской областиМужчина, демонстративно плюнувший в сторону Жогорку Кенеша
Мужчина, демонстративно плюнувший в сторону Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Мужчина, демонстративно плюнувший в сторону Жогорку Кенеша

Буга чейин социалдык тармактарга Ак үйдүн тосмосунан ашыра түкүрүп, бийликке нааразычылыгын билдирген кишинин видеосу тараган.

Ал мыйзам чыгаруучулар элдин кызыкчылыгын эске албай жатканын белгилеген. Ошондой эле капчыгынан 5500 сом алып чыгып, түкүргөнү үчүн айып пул төлөөгө даяр экенин билдирген.

Митинг у здания КТРК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги митинг аяктады. Алардын талабы КТРКдан көрсөтүлмөй болду
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, бул киши Тоң районундагы айылдардын биринде жашай турганы боюнча маалымат түшкөн. Буга ылайык, жергиликтүү ИИБ кызматкерлери маалыматты тактоо үчүн аны милицияга чакырышкан. Эми Бишкектеги Биринчи Май райондук ИИБ менен жергиликтүү бийлик башкармалыктарына чакыртылат.

Белгилей кетсек, 1-январдан тарта Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, көчөдө түкүргөндөргө 5500 сом айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0