Шашылыш билдирүү! Ашуудагы жолдорго көчкү түшөт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКар көчкү. Архив
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. 8-январдан 10-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Андан сырткары, Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек экендиги эскертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0