Кыргызстанга Россиядан суюк азот иштеп чыгып, сымап калдыктарын зыянсыздандыра турган жабдуу алып келинди

Кыргызстан 90 миң долларга суюк азот иштеп чыкчу жабдуу сатып алды

169
(жаңыланган 09:35 09.01.2019)
Ал суткасына абадан 36 литрден ашык суюк азот иштеп чыгат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Россиядан суюк азот иштеп чыгып, сымап калдыктарын зыянсыздандыра турган жабдуу алып келинди. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

  • Кыргызстанга Россиядан суюк азот иштеп чыгып, сымап калдыктарын зыянсыздандыра турган жабдуу алып келинди
    Кыргызстанга Россиядан суюк азот иштеп чыгып, сымап калдыктарын зыянсыздандыра турган жабдуу алып келинди
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
  • Жабдуу Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы атайын станцияда иштетилмекчи.
    Жабдуу Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы атайын станцияда иштетилмекчи.
    © Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГАООС и ЛХ
Кыргызстанга Россиядан суюк азот иштеп чыгып, сымап калдыктарын зыянсыздандыра турган жабдуу алып келинди

Жабдуу Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы атайын станцияда иштетилмекчи.

"Ал суткасына абадан 36 литрден ашык суюк азот иштеп чыгат. Бул үчүн электр энергиясынан башка эч нерсенин зарылдыгы жок. Күнүнө аз дегенде 15 кВт, көп дегенде 25 кВт энергия кетет", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул өндүрүштүн өзгөчөлүгү — калдыктар толугу менен кайра иштетилип, акырында максималдуу түрдө зыянсыздандырылган сымап чыгат.

Жабдуунун баасы 90 миң доллар экени айтылды.

169
Белгилер:
азот, жабдуу, Баткен облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда төрт өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгү курулат
Пикирлер