Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. 9-январда республика боюнча кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында —1…+4 градус болору болжолдонду.

Нарын аймагында —8…-13 градус суук болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында кар жаап, абанын температурасы +2…+4 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0