Автобуста отурган жүргүнчү. Архивдик сүрөт

Бишкекте сасык тумоо басаңдаганга чейин коомдук транспорт дезинфекцияланат

80
(жаңыланган 14:37 09.01.2019)
Автобустар акыркы аялдамада да нымдуу чүпүрөк менен сүртүлүп турат.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкекте сасык тумоо басаңдаганга чейин коомдук транспорт дезинфекцияланарын мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Каттамга чыгар алдында ар бир автобус менен троллейбустун ичине атайын кошулма чачылат. Коомдук транспорттун кармагычтары, отургучтардын кармагычы, руль жана эшиктери сүртүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Автобустар токтогон жерде да транспорттун ичи нымдуу чүпүрөк менен сүртүлүп турат.

80
Белгилер:
тазалоо, сасык тумоо, автобус, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Мамбеталиева: курч респиратордук ооруларда вирустун 200дөн ашык түрү бар