Бак отургузуу. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда бак отургузууга 2,5 миң гектар жер дайындалды

109
(жаңыланган 14:53 12.01.2019)
Отургузуу үчүн бадал тукумуна кирген дарактардын 28 тонна 533 килограмм үрөнү чогултулду.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мамлекеттик токой фондусунун аймагында бак-дарактарды отургузуу үчүн 2 миң 431 гектар жер дайындалды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бул аймакка отургузуу үчүн бадал тукумуна кирген дарактардын 28 тонна 533 килограмм үрөнү чогултулду. Мындан тышкары, 48 миң даана көчөт кыйыштырылды.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Үч-Коргон, Аркин жана Баткен токой чарбаларында жалпысынан 1000 гектар жерге сөксөөл отургузулганы айтылды.

109
Белгилер:
токой, бак-дарак, көчөт, Баткен облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан 90 миң долларга суюк азот иштеп чыкчу жабдуу сатып алды
Мэр шаардагы бак-дарактын жапырт кыйылышына түшүндүрмө берди
Ошко 60 миңге жакын дарак тилигип, 741 тонна таштанды чыгарылды
Пикирлер