Калыс-Ордо конушундагы №86 мектеби. Архив

Кулматов менен Ибраимовдун мектеп боюнча иши тергелип бүттү

221
(жаңыланган 09:25 10.01.2019)
Тергөө мектептин курулушунда 95 миллион сом чыгым келтирилгенин аныктады.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна карата "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишти тергеп бүттү. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов айыпталууда.

"Мурдагы эки мэрдин жетектөөсү менен мектептин курулуш иштери мыйзам бузуу менен жүргүзүлгөн. Тагыраагы, курулуш иштери долбоордук смета түзүлбөстөн, уруксат жана башка тийиштүү документтер топтолбостон, тендерсиз аткарылган. Каражаттар компаниялардын эсебине мыйзамсыз которулган жана подрядчылар акчаны нормативдерге ылайыксыз сарптаган", — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада 660 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна TBEA бөлгөн 2 миллион доллар жана шаардык бюджеттен берилген 114 миллион сом сарпталган.

"Ал эми өкмөт буга чейин ошол 2 миллион долларга аймактарга 1000 орундуу мектеп курууну пландаган. Тергөө мектептин курулушунда 95 миллион сом чыгым келтирилгенин аныктады", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда айыпталуучу тарап материалдар менен таанышып жатат.

221
Белгилер:
коррупция, мектеп, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Калыс-Ордо, Бишкек
Тема:
Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши (16)
Тема боюнча
Машыгып, тил үйрөнүп, мыйзам жазып... Абактагы атка минерлер эмне менен алек
Мамкаттоо Кулматовдун паспорту боюнча доо арызын артка кайтарып алды