Жээнбеков: эми мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт

Жазылуу
Президент айлыкты көтөрүү үчүн экономиканы жакшыртып, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды тыйып, кирешени көбөйтүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Дарыгерлердин маянасы көтөрүлдү, кийинки кезек мугалимдердики. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет жетекчиси кызматка киришкенден баштап талапкер катары элге берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштегенин белгиледи.

"Региондорду өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү — убадаларымдын негизгилери. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул — мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатуу", — деди Жээнбеков.

Ал айлыкты көтөрүү үчүн экономиканы жакшыртып, мамлекеттик бюджетке кол салгандарды тыйып, кирешени көбөйтүү керектигине токтолду.

Назначение и увольнение чиновников - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы мамлекеттик компаниялардын башчылары канча айлык алат
"2018-жылы бул багытта иштедик, калктын турмушун жакшыртуу үчүн зарыл базаны түздүк. 2018-жылдын 1-октябрынан баштап медиктердин айлыгын көтөрдүк. Азыркы этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер жана эмчи айымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт", — деди өлкө башчы.

Жээнбеков бул багытта өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0