Чек арада кезекте турган адамдар. Архив

Казакстан Кыргызстан менен болгон чек арасын иретке келтирмей болду

248
(жаңыланган 13:50 12.01.2019)
Жарандардын жана транспорттун чек арадан өтүү тартиби каралган документке 2017-жылы кол коюлган. Эми аны Мажилис ратификациялады.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мажилис депутаттары (парламенттин кичи палатасы) кыргыз-казак чек арасы тууралуу өкмөттөр аралык келишимди ратификациялады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Жарандардын жана транспорттун чек арадан өтүү тартиби каралган документке 2017-жылы кол коюлган.

Эки өлкөнүн чек арасында кошумча өткөрүү пунктуларын ачуу маселесин депутат Артур Платонов көтөрдү. Анын айтымында, күн сайын кыргыз-казак чек арасынан 18 миң адам, 600 транспорт өтөт. Андыктан азыр иштеп жаткан өткөрүү пунктулары жетишпей, өзгөчө жай мезгилинде кыйналып жатат.

Казакстандын Коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын директору Дархан Дильмановдун айтымында, эгемендүүлүк жылдарынан бери кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөн адамдар менен жүктөрдүн саны сегиз эсеге өстү.

"20 жыл мурда курулган инфраструктуранын азыркы элдин жана жүктүн агымына алы жетпей жатат. Андыктан тоскоолдуктар жаралууда", — деди Дильманов.

Казакстан менен Кыргызстан "Сарытөбө" жана "Аукатты" өткөрүү пунктуларын эки тараптуудан көп тараптуу категориясына өткөрүү боюнча макулдашканын биринчи вице-министр Роман Скляр айтты.

"Жакында кыргыз-казак чек арасында иштеп жаткан бардык өткөрүү пунктулары көп тараптуу болуп калат. Бул жылы "Карасу" (Кыргызстан тарабы "Ак-Тилек") пунктундагы көпүрө оңдолот. Каражат эки өлкөдөн теңме-тең чыгарылат", — деди Скляр.

2017-жылдын октябрь айында кыргыз-казак чек арасында тоскоолдуктар жаралган. "Ак-Жолдо" кезек күткөндөр көбөйүп, "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда фуралардын тыгыны жаралган. Буга ошол кездеги президент Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийинки пикир келишпестиктер себеп болгон.

248
Белгилер:
чек ара, мажилис, документ, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
57 жаштагы киши 25теги жигиттин паспорту менен КРге өтүүгө аракет кылган
Баткенге аткезчилик жол менен 23 тонна мандарин алып киргендер кармалды. Сүрөт