Судебный процесс по делу лидера партии Ата Мекен Омурбека Текебаева и экс-посла КР Дуйшенкула Чотонова

Текебаевге эмнеге ырайым берилбей калганы белгилүү болду

4486
(жаңыланган 14:22 11.01.2019)
Экс-депутатка ырайым берүү сунушун кароо токтотулду.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев ырайым суроодон баш тарткандыктан ырайым берүү маселесин кароого негиз болбой калды. Бул тууралуу КР президентине караштуу ырайым берүү боюнча комиссиядан маалымдашты.

Ага ылайык, Текебаев өзүнүн күнөөсү жоктугун айтып, ырайым суроодон чечкиндүү түрдө баш тартты.

"Эгер абакта отурган киши өзү каршы боло турган болсо мыйзам боюнча биз анын эркинен тыш ырайым берүү маселесин карай албайбыз", — дешти комиссиядан.

Андыктан Текебаевге ырайым берүү сунушун кароо токтотулду.

Андан сырткары, комиссия Текебаевге ырайым көрсөтүүдөн баш тартпаганын, соттолгон жаран өзү баш тартканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Текебаевге ырайым кылуу сунушу экс-президент Роза Отунбаева тарабынан келтирилген. Анын айтымында, "Текебаевдин иши саясий буйрутма экени башынан эле баарына белгилүү болгон". Демилгени Жогорку Кеңештеги алты фракциянын тең жетекчилери колдоого алган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

4486
Белгилер:
ырайым берүү, сунуш, Өмүрбек Текебаев
Тема:
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (97)
Тема боюнча
Президенттин аппараты Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн карап жатат
ЖАМК Өмүрбек Текебаев кандай оорулар менен алышып жатканын айтты
Пикирлер