Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Индияга учпай турган болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Киргизию
Визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин экс-президент Индияда эс алууну пландап жатканы кабарланган.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эртең, 11-январда, үй-бүлөсү менен Индияга учпай турган болду. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, экс-президент сапарын кийинкиге жылдырды.

"Сураныч, мындан саясат издебегиле", — деди Жолдубаева.

Эске салсак, буга чейин Жолдубаева экс-президент 11-январда Индияга учуп, кайра 21-январда кайтып келерин билдирген. Ал ошондой эле Атамбаев ал жакка эс алганы барганы жатканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0