Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПравоохранительные органы Кыргызстана
Правоохранительные органы Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлери түкүрүнүп жатканын күбө видеого тартып алган.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бишкекте №1 тергөө абагынын жанында түкүрүнгөн эки милиция кызматкери изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБден маалымдашты. 

© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуКөчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды
Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды - Sputnik Кыргызстан
Көчөдө түкүрүнгөн дагы эки милиционер видеого түшүп калды

Окуянын видеосун күбө WhatsApp каналы аркылуу жиберди. Анын айтымында, кадр 9-январь күнү саат 17.53тө тартып алынган.

"Эки кызматкердин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Алар Эреже бузуу кодекси боюнча жазаланат", — дешти ШИИБден.

Буга чейин дагы жарандар көчөдө түкүрүп, чылым чеккен милиционерди видеого түшүрүп алышкан. Көп өтпөй анын ким экени жана кайсы жерде иштээри аныкталган

Жаңылыктар түрмөгү
0