Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлуп, баасы 40 миң сомдон ашты

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 6 день. Кок-бору (Финал). Кыргызстан — Узбекистан
III Всемирные игры кочевников. 6 день. Кок-бору (Финал). Кыргызстан — Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукцион 19-январь күнү саат 21.00дө аяктайт.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Белгилүү улакчы Манас Ниязовдун Көчмөндөрдүн дүйнөлүк II оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын Instagram баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, форманын баштапкы баасы эки миң сомдон башталган. Эң көп сумма сунуштаган адамга Ниязов формасын өз колу менен тапшырат.

Учурда улакчынын формасына 40500 сом сунушталды. Аукциондун шарт-талабы Instagram баракчада толугу менен көрсөтүлгөн.

"Аукциондон түшкөн каражат Дастан Жакеевдин дарылануусуна жумшалат. Жакеев өткөн жылдын май айында "Ак кула" ат майданында өткөн Чүйдүн көк бөрү боюнча чемпионатында аттан жыгылып оор жаракат алган. Учурда Бишкек шаарында дарыланууда. Абалы орточо, өз алдынча баса албайт. Ар дайым ата-энесинин көзөмөлүндө. Ошол себептен кайдыгер карабаган калың журттан жардам сурайбыз", — деп жазылган баракчада.

Аукцион 19-январь күнү саат 21.00дө аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0