Моргту тазалоочу кабинете. Архивдик сүрөт

Моргду эми өкмөт тескейби? Экспертиза борборлорун кошуудан чыккан нааразылык

2744
(жаңыланган 13:07 15.01.2019)
Sputnik маалымат агенттиги Республикалык соттук-медициналык экспертиза бюросуна баш багып, мекеменин ремонт иштери, жабдыктарынын жетишсиздиги жана кадр маселеси тууралуу көйгөйлүү материал жасаганды максат кылган. Бирок жетекчиси Данияр Кошоков азыркы учурдагы "эң негизги көйгөй" бюрону өкмөткө өткөрүп берүү болуп жатканын айтып берди.

Кошоковдун айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы экспертизалык бюрону өкмөттүн карамагына өткөрүү маселеси акыркы эки жылдан бери көтөрүлүп келет. Бул боюнча 2017-жылы 14-июлда өкмөттүн алдында мамлекеттик соттук-экспертизалык кызмат түзүү боюнча токтом долбоору чыккан. Анткен менен ак халатчандар "демилгенин бизге тиешеси жок" деп колдобой турганын билдиришүүдө. 

"2016-жылы укук коргоо органдарындагы кызматтарды реформалоо боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Анда медицина тууралуу эч кандай сөз болгон эмес. Ошонун аркасы менен 2017-жылдан тарта ИИМге жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу экспертизалык жайларды өкмөткө өткөрүп берип, бирдиктүү соттук-медициналык кызмат түзүү боюнча маселе көтөрүлө баштады. Башкача айтканда, биз министрликке баш ийбей калат экенбиз", — деди Кошоков.

Ал белгилегендей, биригүү ишке ашса, укук коргоо органдары менен саламаттык сактоо тармагындагы экспертиза жасоодогу айырмачылыктар элге терс таасирин тийгизет.

"Соттук-медициналык экспертиза менен техникалык экспертизанын айырмасы чоң. Алар бир жылдап жыйынтык чыгарышы мүмкүн. Биз адам өмүрү чечилип жатканын эске алып 1-2 айдын ичинде даярдап беребиз. Токтом иш жүзүнө ашса, анда убакыт, каражат, экспертиза жасоо жолдорунан уттурабыз, көйгөйлөр жаралат. Мындан тышкары, каражат жагы аксайт. Айлыгыбыз түшөт. Жаңы өлүккана курулуп берилбейт, жабдыктар жаңыланбайт. Адистерди араң кармап отурабыз. Бизге пенсионерлер эле келишет. Кызматкерлер 50, 60 жаштан өткөн адамдар. Дагы 3-4 облуста адис жок. Аз айлык менен эч кимди кармай албайбыз. Иштейм деген жаштар деле калбады. Майда-барат ремонт иштерин өзүбүз жасап жатабыз. Жабдык, шаймандарды жаңылоо үчүн жалпысынан 15-20 миллион сом керектелүүдө. Тендердин өтүшүн күтүп жатабыз", — деди жетекчи.

Ал ошондой эле эки жыл мурда бюродогу экспертизаларды жасап берүү акысы жоюлуп кеткенин, кызматкерлерге андан түшкөн каражаттын 30 пайызы берилип келгенин кошумчалады. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө экспертизалар бекер жасалат.

Аталган көйгөй боюнча министрликке кайрылганыбызда, далилдүү медицина боюнча консультант Бермет Барыктабасова да каршы пикирин билдирди. 

Консультант отдела доказательной медицины Министерства здравоохранения КР Бермет Барыктабасова в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Далилдүү медицина боюнча консультант Бермет Барыктабасова

"Медицина бир стандартта, бир саясатта жана бир идеологияда болушу керек. Медициналык экспертизаны техникалык экспертиза менен бириктирүү акылга сыйбаган нерсе. Көтөрүлүп жаткан демилге боюнча ак халатчандар укук коргоо органдарына да баш ийип калып жатышат. Токтом башка мекемелер үчүн эмес, сот-укуктук реформалардын алкагында судьялар үчүн гана болушу керек. Антпесе медицинанын системасына доо кетет", — дейт Барыктабасова.

Адис экспертизалык борборлор өкмөткө өткөрүлүп берилген учурда деле министрликтин ресурсу коройт деген пикирин кошумчалады.

"Сотмедэксперт — даяр маалыматтарга таянып жыйынтык чыгарган адам. Аны менен гинеколог, травматолог, онколог, нейрохирург жана башка медиктер иштеп жатпайбы. Медициналык эксперттер медицинада гана калтырылышы керек деп ойлойм. Экинчиден, бул нерсенин арты жемкорлукка эле кептейт, "чөнтөк эксперттери" пайда болот", — деди Барыктабасова.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматынын начальниги Бакыт Сеитов учурда өкмөткө экспертизанын төрт түрү өткөрүп берилгени жатканын билдирди. 

Начальник пресс-службы МВД КР Сеитов Бакыт
© Фото / пресс-службы МВД КР
ИИМдин маалымат кызматынын начальниги Бакыт Сеитов

"Бүгүнкү күнгө чейин ИИМдеги эксперттик-криминалисттик борборлор кылмыштуулукка байланыштуу экспертизанын жети түрүн жасап келген. Алар: дактилоскопия, баллистикалык, баңгизаттарды тактоо, кол жазма, трасологиялык, портреттик, техникалык жана учтуу нерселерди аныктоо экспертизасы. Учурда өкмөттүн алдында мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат түзүлүп жаткандыгына байланыштуу ИИМден төрт багыттагы экспертиза жүргүзүү жөнөтүлүп жатат. Алар кол жазма, трасология, портреттик, техникалык жана учтуу нерселерди аныктоо экспертизасы. Ал эми бизге күн сайын керектеле турчу экспертизанын түрлөрүн алып калдык. Ага криминалисттик коштоолор кирет", — деди Сейитов.

ИИМ өкүлү тиешелүү шарттар түзүлүп берилсе, өкмөт алдында биригүү жүйөлүү дейт.

"Эгер Кыргызстан боюнча бирдиктүү борбор ачып, тиешелүү жабдуулар менен камсыздайбыз десе, каршы эмеспиз. Негизи эле биз тараптан көйгөй жок. ИИМ менен Саламаттык сактоо министрлигиндеги соттук-медициналык экспертизалар бири-бири менен тыгыз байланышта. Мунун бардыгы 2017-жылы талкуу, чогулуштарда такталып, аныкталган. Ушул тапта уюштуруу иштери жүрүп жатканы, демилге быйыл ишке ашышы мүмкүн экени айтылууда", — деди маалымат катчы.

Эки тараптын пикирин уккандан кийин өкмөт алдындагы мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматтын жетекчиси Акылбек Мусаходжаевге кайрылдык. 

Анын айтымында, экспертизалык кызматтарды бириктирүүнүн артыкчылыктары көп. 

Председатель Государственной судебно-экспертной службы при правительстве Кыргызской Республики Акылбек Мусаходжаев
Өкмөт алдындагы мамлекеттик соттук-экспертизалык кызматтын жетекчиси Акылбек Мусаходжаев

"Өкмөттүн максаты — бирдиктүү эксперттик кызматты түзүү. Планда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык эксперттик бюрону, Психикалык ден соолук борборун жана Наркологиялык борборду, ал эми ИИМден дагы экспертизанын төрт түрүн камтуу болуп жатат. Бардыгы этап менен өткөрүлөт. Бул нерсенин артыкчылыктары көп. Биринчиден, жарандар ар кайсы жакка чуркабай, ишин бир жерден бүтүрө алат. Өкмөттүн каржылоосунда болгондуктан айлык акы көтөрүлүп, тиешелүү жабдуулар алынып, шарт түзүлөт. Келечекте ДНК анализин киргизели деп жатабыз", — дейт Мусаходжаев.

Ал тараптар өз пикирин билдирип жатканын да белгиледи.

"Ооба, каршы пикир айткандар болууда. Башка ведомстволордун түшүнүгүндө биз монополист болуп жатабыз. Президенттин жарлыгында мамлекеттик органдардан бирдиктүү эксперттик кызмат түзүлүшү керек деп айтылган. Бул тараптардын келишими болгондуктан биз көмөкчү гана органбыз, токтомду аткарып жатабыз. Мындай системага Грузия, Эстония, Россия, Кытай жана башка мамлекеттер өткөн. Бул дүйнөлүк практика, замандын талабы", — деди Мусаходжаев.

Ал кошумчалагандай, 2017-жылы 14-июлда өкмөттүн алдындагы бирдиктүү соттук-экспертизалык кызматты түзүү боюнча токтом долбоору бүгүнкү күнгө чейин каралып жатат. Качан ишке ашары азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, өкмөттүн алдындагы мамлекеттик соттук-экспертизалык кызмат 2017-жылга чейин Юстиция министрлигинин карамагында иштеп келген. Анын негизги максаты — соттук-медициналык ишмердүүлүктү уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү, адистердин билимин тереңдетүү, укук коргоо органдарына методологиялык жардамдарды берүү болуп эсептелинет

2744
Белгилер:
борбор, экспертиза, өкмөт, КР Саламаттык сактоо министрлиги, ИИМ
Тема боюнча
Катары суюлган дарыгерлер. Рейтинг
Өлкөнүн эң көп дарт чалган аймактары. Рейтинг
Бишкек шаары. Архив

Газдаштырууну тездетели. Өкмөт Бишкектин абасын тазартуу жолдорун талкуулады

14
(жаңыланган 18:11 06.08.2020)
Кыска мөөнөттүн ичинде абага чыккан зыяндуу заттарды азайтып, аны тазалоодо конкреттүү натыйжаларга жетүү аракети каралууда.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өкмөттө 2020-2023-жылдарга карата Бишкек шаарынын жана Сокулук, Аламүдүн райондорунда экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын планы талкууланды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Отурумда "Газпром Кыргызстан" ишканасынын Бишкек шаарынын айланасындагы калктуу конуштарды газдаштыруу ишинин жүрүшү жана Бишкек ЖЭБин оңдоодо аткарылган жумуштар талкууланды. Компанияга өлкөнү газдаштыруу боюнча иштерди ылдамдатуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу киргизилди.

Онлайн режиминде өткөн жыйындын катышуучулары ошондой эле борбордун от казандарын жаратылыш газына өткөрүү маселелерин талкуулаган.

Бул биздин шаар! Ыш баскан Бишкектин сүрөтү

Жыйынды өткөргөн биринчи вице-премьер  Алмазбек Баатырбеков абага чыккан зыяндуу заттарды азайтууга багытталган милдеттерди аткаруу учурдун талабы экендигин дагы бир ирет эске салган.

Күз-кыш мезгилинин жакындап келаткандыгына байланыштуу Бишкекти жана анын айланасын каптаган түтүн маселеси көйгөйлүү экени, бул өзгөчө кышында байкалганы айтылган.

"Абанын булганышы адамдын ден соолугуна жана иммунитетине терс таасирин тийгизет. Учурдагы кырдаалды эске алуу менен, жасалчу иштердин планын кайра карап чыгуу зарыл. Бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша иш-чараларды жүзөгө ашыруунун конкреттүү мөөнөттөрүн белгилөө боюнча сунуштарын айткыла. Кыска мөөнөттүн ичинде абага чыккан зыяндуу заттарды азайтып, аны тазалоодо конкреттүү натыйжаларга жетүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо шарт", — деген Баатырбеков.

Түндө салют атылгандан кийин Бишкектин абасы канчалык булганганы айтылды

Отурумда тармактык мамлекеттик органдарга Бишкек ЖЭБ оңдоо ишин өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө бүткөрүү милдеттендирилген. Зыяндуу заттардын абага ташталуу деңгээлин жана аталган объектилердеги пайдаланылган отундун сапатын тийиштүү көзөмөлдөө боюнча бир катар тапшырмалар берилген.

14
Белгилер:
ЖЭБ, газ, экология, Аламүдүн району, Сокулук, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек чулгаган ыштан улам көрүнбөй калды. Тоодон тартылган видео
Автобустагы жүргүнчүлөр. Архив

Оренбургдан 20 автобус кыргызстандык келди

27
(жаңыланган 17:52 06.08.2020)
Кыргызстандын тышкы саясат боюнча ведомствосу коңшу Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандарды алып өтүү үчүн транзиттик коридор ачтырган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россиянын Оренбург шаарынан мекендештерди ташыган автобустардын алгачкы 20сы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. 1100 кыргызстандык менен келген автобустар Казакстандын чек арасы аркылуу өткөн.

"Экинчи топто 23 автобуска сыйган 1356 кыргызстандык азыркы тапта Казакстандын полициясынын коштоосунда казак-кыргыз чек арасын көздөй бет алды", — деп айтылат маалыматта.

Пандемияда ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине кантип колдоо көрсөтүп жатканы айтылды

Бул үчүн Кыргызстандын тышкы саясат боюнча ведомствосу коңшу Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандарды алып өтүү үчүн транзиттик коридор ачтырган.

Министрлик Россия Федерациясынын аймагында калган кыргызстандык мигранттарды чек аралар ачылмайынча Россия-Казакстан чек арасына келүүдөн карманууга чакырат.

27
Белгилер:
Тышкы иштер министрлиги, мигранттар, Россия
Тема боюнча
Миңдеген кыргызстандыктар Россия менен каттамдын ачылышын күтүп жатат
Новосибирскидеги кыргызстандыктардан мекенине гуманитардык жардам келди