Айдоочулук күбөлүгү. Архив

Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштайт

623
(жаңыланган 15:27 12.01.2019)
Бул Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөрдүн төртүнчү мууну экендиги айтылды.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жасалмалоого мүмкүн болбогон жогорку сапаттагы пластиктен жасалат. Бул Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктүн төртүнчү мууну. Анын 10 жыл колдонуу пландаштырылган. Бул туурасында транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча атайы бланкалык продукцияны, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү боюнча өткөн жыйында айтылды.

Жыйында өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевге айдоочунун жекелигин идентификациялоочу эл аралык талаптарга дал келген жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк берүү үчүн көрүлүп жаткан даярдык иштери жөнүндө маалымат берилди.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер менен сунушталары айтылды.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы муундагы транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча атайы бланкалык продукциянын жана айдоочулук күбөлүктүн техникалык спецификасын, эскиздерин, схемалык сүрөттөлүшүн иштеп чыккан.

"Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жасалмалоого мүмкүн болбогон жогорку сапаттагы пластиктен жасалат. Бул Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөрдүн төртүнчү мууну. Анын колдонуу мөөнөтү 10 жыл. Ошондой эле пластикалык карта түрүндөгү жаңы күбөлүктүн киргизилиши пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү ишке киргизүү Кыргызстандагы жол коопсуздугун реформалоо боюнча иш-чаралардын тизмесинде каралган. Бул курсанттарды тестирлөө тутумунун көзөмөлүн катаалдаштырууга жана документти жасалмалоонун тыйылышына алып келет.

Учурдагы айдоочулардын күбөлүгү мөөнөтү бүткүчө жарактуу, ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат. Айдоочулук күбөлүктү жана атайы бланкалык продукцияны персонификациялоо жеке компаниядан мамлекеттик мекемеге өткөрүлөт. Буга байланыштуу атайы бланкалык продукциянын наркы болжол менен 40-50 пайызга төмөндөтүлөт, анткени бланкалык продукцияга карата баанын түзүлүшүндө жеке компаниянын кирешеси эсептелбейт.

623
Белгилер:
өкмөт, айдоочу күбөлүгү, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
Майрам бүттү, эсти жыялы! Кыргызстанда жоголгон документти кантип тапса болот
Айдоочулук күбөлүктү эми "Унаа" мекемеси берет
Пикирлер