Акча каражаттары. Архив

Эски бир сомдук 2800 эсеге кымбат сатылууда

1927
(жаңыланган 22:14 13.01.2019)
Кыргызстандын улуттук валютасы 1993-жылы пайда болуп, бардык банкноттордо Манастын сүрөтү чагылдырылган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Avito интернет-порталында бир сомдук купюра сатыкка коюлду.

Банкноттун баштапкы баасы 2700 рубль (2800 сом). Акча 1994-жылы чыгарылып, сүрөтүнөн эскирип калганы көрүнүп турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук валютасы 1993-жылы пайда болуп, бардык банкноттордо Манастын сүрөтү чагылдырылган.

Аукциондогу баага карасак, ушу тапта эски бир сомдук 2800 сомго барабар болгон чагы (баса, бул акча бүгүнкү күндө да соодага жарактуу болуп саналат).

Ал эми бул купюра менен дүкөнгө барууга болбойт, бирок баасы өздүк наркынан кыйла жогору болду.

1927
Белгилер:
купюра, сом, аукцион
Тема боюнча
Туура эмес басылып чыккан 1000 сомдуктун баасы аукциондо эселеп жогорулады