Менталдык арифметика: эл аралык сынакта 15 окуучу 15 медаль менен кайтты

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүЛицей №1580 в Москве
Лицей №1580 в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын 5-6-январында Бишкектеги "Интеллект" окуу борборунун 15 окуучусу Кыргызстандын атынан барган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Менталдык арифметика боюнча Казакстанда өткөн FOC эл аралык олимпиадасына катышкан кыргызстандык 15 окуучу тең медаль менен кайтты. Бул тууралуу балдарды сынакка алып барган мугалимдердин бири Жакшылык Матанов Sputnik Кыргызстанга айтып берди.

2019-жылдын 5-6-январында аталган сынакка Бишкектеги "Интеллект" окуу борборунун 15 окуучусу Кыргызстандын атынан барган.

"15 катышуучунун ар бири өз жаш курагы боюнча алтын, күмүш жана коло медалдарды багындырып келди", — деп айтылат билдирүүдө.

Олимпиадага Казакстан, Украина, Армения, Азербайжан сыяктуу 12 мамлекеттин окуучулары катышты.

Менталдык арифметика — бул тез эсептөөнү үйрөнүүнүн ыкмасы. Бүгүнкү күндө ал баланын эс тутумун, ойлонуу жана чечим кабыл алуу жөндөмүн жакшыртуу үчүн колдонулуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0