Кыргызстанга Россиянын аскер-техникалык жардамы качан тапшырылары айтылды

Жазылуу
Бишкектин борборунда болчу иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында 15-январда Кыргызстандын Чек ара кызматына Россия тарап берген аскер техникасын тапшыруу салтанаты болот. Бул туурасында Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, КРдин куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиев, ФСБнын ыкчам чек арачылар тобунун КРдеги жетекчиси Андрей Безроднов, Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеевдин катышары айтылды.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия Борбор Азияга ракты дарылоо боюнча жардам берүүнү көздөйт
Аталган жардам Россия жана кыргыз өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу менен ЕАЭБ аймагындагы техникалык кызматташуунун алкагында берилүүдө. Бул боюнча документтерге 2015-жылдын 31-мартында кол коюлган.

2018-жылдын 15-декабрында Кыргызстанга продукция берүүнүн биринчи этабы аяктады. Бул ЕАЭБдеги Кыргызстандын бажы чек араларын техникалык жана инженердик жабдуу жагынан камсыздоо максатында Чек ара кызматынын иш жүргүзүү үчүн каралган атайын каражаттар эле. Жардам 123 автомобиль жана инженердик техника түрүндө каралган. Анын ичинде элди жана жүктү ташуучу 108 автокөлүк, 2 сүйөөчү техника, 2 экскаватор-жүктөгүч, 2 автокран, 4 санитардык автоунаа, атайын даярдыктагы 5 автотехника, бургулоочу дагы 2 техника бар.

Карала турган экинчи жардамдын алгачкылары 2019-жылдын I кварталында башталары айтылган.

Буга чейин Россия Кыргызстандын насыя боюнча 240 миллион доллар карызын кечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0