Жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив

Айтматовдун Пекинден табылган "баласы" жана Кытайдагы кадыры. 15 факты

9691
(жаңыланган 23:17 24.01.2019)
Абдыкерим Муратов
Кытай — Чыгыш жана Борбордук Азияда жайгашкан расмий Кытай эл республикасы (КЭР) деп аталган мамлекет. Ал өлкөдөгү кыргыздар мамлекеттин аталышын "Жуңго" ("Ортодогу мамлекет"), кытай калкын "хунзулар" деп аташат.

Кытайдын 18 миң чакырым жери Тынч океанына кирип турса, кургактыгы Корея, Россия, Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан, Индия, Непал, Бутан, Мьянма, Лаос, Вьетнам менен чектешет. Аянтынын чоңдугу жагынан дүйнөдө 3-орунда (Россия менен Канададан гана калышат). Эли 2014-жылдагы эсеп боюнча 1,3 млрд кишиден ашык деп эсептелип, дүйнөдөгү эң көп адам жашаган өлкө болуп саналат. Мына ошол "Манаста" айтылган кылкылдаган кылым калктын кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен байланышкан учурлары тууралуу 15 фактыны сунуш кылабыз.

"Жамийла" — Кытайда да "Жамийла". Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча кытайлыктар өз тилинде алгач 1961-жылы "Дүйнө адабияты" деген журналынан билет. Аталган басылманын №10 санына жазуучу жана окумуштуу Ли Гаң орусчадан кытай тилине оодарган "Жамийла" повести жарыяланат. Луи Арагон бул чыгарманы "Сүйүү тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян" деп жар салгандай, кытайлар да Данияр менен Жамийланын сүйүүсүн өз жүрөктөрүнө жакын кабыл алат.

Билинбей калбаган биринчи китеп. Жазуучунун кытайча чыккан биринчи китебинин аталышы бизчеге которгондо "Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары" деген мааниде. 1965-жылы жарык көргөн ошол жыйнакка жазуучуга Лениндик сыйлык алып берген "Жамийла", "Делбирим", "Жер-Эне", "Биринчи мугалим", "Ботогөз булак" повесттери кирген. Ошол китеби аны кытай окурмандарына кеңири таанытты.

Кыргыздардан мурда кытайларга жеткен коруктагы Бала баяны. Айтматовдун Советтер өлкөсүндө далай чуунун башын баштаган атактуу "Ак кемеси" орусча 1970-жылы чыкса, кыргыз тилиндеги котормосу журналга 1977-жылы гана жарыялана баштаган. Ал эми Сао Йэнжоң таржымалаган кытай тилиндеги китеби 1973-жылы эле Шанхай эл басмасынан басылып чыгат.

Лауреат Ленинской премии киргизский писатель Чингиз Айтматов
© Sputnik / Чернов
Айтматов "менин эң көп окурмандарым Кытайда" дечү. Анын чындыгы бар, жалпы китептеринин нускасы 300 000ден ашат.

"Айтматовдун Жуңгодогу "алтын доору". Пекиндик профессор Адыл Жуматурду өткөн кылымдын 80-жылдарын ушинтип атайт. Себеби ошол жылдары Пекиндеги "Чет тил адабият" басмаканасы жазуучунун үч томдугунун — 1980-жылы 1-томун, 1981-жылы 2-томун, 1984-жылы 3-томун чыгарат. Ар бири 50 миң нуска менен басылып, эң окумал китепке айланат. "Кылым карытар бир күн" романы адегенде ушул атта чыкса, 1986-жылы ушул эле чыгарма "Бороондуу бекет" аталышында өзүнчө китеп болуп жарык көрөт. Бул чыгармалар Кытайдагы уйгур, кыргыз, казак, монгол тилдеринде окугандар үчүн да алардын тилдеринде жана ариби менен чыгарылган.

СССРдин генералдык секретары менен Пекинге барганда… Кытай өлкөсүнө советтик жазуучу биринчи жолу СССРдин биринчи жетекчисин коштоп барат. Бул 1989-жыл эле. Дүйнөлүк ири дерважанын башчысынын, анан калса өз өлкөсүндө коммунисттик режимди кулатуучу перестройка дегендерди жасап жаткан Михаил Горбачевдун Кытайга келиши, аны жандап Чыңгыз Айтматовдун жүрүшү окурмандарды кыйла дүрбөлөңгө салып, баркын ого бетер көтөрдү.

Жазуучунун чыгармалары эң көп нуска менен басылган өлкө да Кытай. Айтматов "менин эң көп окурмандарым Кытайда" дечү. Анын чындыгы бар, жалпы китептеринин нускасы 300 000ден ашат. 90 жылдыкка карата чыккандарын кошкондо 400 000дей болот. Кээ бир китептерин бир нече котормочу өз-өзүнчө которушкан. Кытай СУАР телестанциясынын журналисти Мамбеттурган Курмандын маалыматы боюнча 1999-жылы "Дүйнө балдар адабияты" деген серия менен 50 китеп чыккан, ошолордун бир китебине "Эрте келген турналар" менен "Ак кеме" кирген. Эң кызыгы, "Ак кемени" Су Нан жана Мей Зыхан деген эки жазуучу адаптациялап, "Баланын эки жомогу", "Ак кеме", "Момун таята", "Мүйүздүү бугу эненин жомогу", "Бугу келди", "Кар борошолуу токой", "Арыба, ак кеме, мен келдим" деген беш аңгемеге айлантып жазып чыгып, ал китеп 2013-жылы "Ак кеме" деген ат менен басылат.

Айтматов жана кытай жазуучулары. Кытайлык профессор Макелек Өмүрбайдын маалыматы боюнча Кытайдагы алп жазуучунун бирөө, кезинде Кытайдын маданият министри да болгон Ваң Мың "Обончунун пири" аттуу чыгармасын "Жамийланы" туурап жазган, анын Айданак жана Акирам деген каармандары Жамийла менен Даниярды элестетет, "Нур" жана "Чаар түс" аттуу чыгармалары "Гүлсараттан" алынган, "Соңгу тоо" аттуу чыгармасы "Биринчи мугалимдей". Вин Яжүн "Кылым карытар бир күндүн" таасири менен "Кашатсыз деңиз" аттуу романын, "Ак кеменин" негизинде "Бөскө тоодогу жомоктор" деген чыгармасын жазат. Жаң Чыңжы аттуу жазуучунун "Кара жоргосу" "Жамийланын", "Алик футболчусу" "Биринчи мугалимдин" таасиринде жазылган. Мындай чыгармалар жүздөп саналат, андай чыгармалардын бир тобу Кытайда эң жогорку сыйлыктарга да жетишкен.

XXVI съезд КПСС. 23 февраля - 3 марта 1981 года.
© Sputnik / Владимир Первенцев
Кытайдагы аз сандуу улуттардын ичинен 2011-жылы Айтматовдун чыгармаларынын уйгур тилиндеги сегиз томдугу басмадан чыгып, 2014-жылы Англияда өткөн эл аралык китеп фестивалында баш байгени жеӊип алган

Кытайда кызуу изилденген кыргыз жазуучусу. Макелек Өмүрбайдын айтуусу боюнча Айтматов тууралуу Кытайда расмий басмалардан жарык көргөн макалалардын саны 300 барчага жеткен, алардан бөлөк дагы жогору окуу жайларындагы аалым шакирттик (аспиранттык) ишин жактоо макалаларынан он жети макала, доктурлукту жактоо эмгегинен үч макала. Бир нече монографиялык китеп жарыяланган. Хан Жийендин "20-кылым дүйнө адабиятынын кеменгери Айтматов" (2004), Вын Зуйиндин "Горькийден Айтматовго" (1992) деген эмгектери салыштырма адабияттаануу багытында жазылса, Хыбый унверситетинин профессору, доктор, доктор жетекчиси Шы Жиншию жазган "Айтматов Кытайда" аттуу китеби баштан-аяк бир жазуучунун чыгармачылык таасири тууралуу. Макелек Өмүрбай "Манас жана Айтматов" китебин чыгарып, "Айтматов энциклопедиясын", "Кытайда Айтматов изилдөө макалалар жыйнагын" түзүү үстүндө иштеп жүрөт.

Айтматов Кытайдагы аз сандуу калктардын да сүйгөн жазуучусу. Кытайдагы аз сандуу улуттардын ичинен 2011-жылы Айтматовдун чыгармаларынын уйгур тилиндеги сегиз томдугу басмадан чыгып, 2014-жылы Англияда өткөн эл аралык китеп фестивалында баш байгени жеӊип алган, жалпы уйгурча 18 китеби чыккан, кытай монголдору эки томдук чыгармаларын которуп басышкан, ал эми бул өлкөдөгү улутташтар үчүн кыргыз тилинде 1985-жылы "Ак кеме", "Кылым карытар бир күн", "Гүлсарат" деген чыгармалары менен жазуучунун китеп сапары башталган.

Айтматов Кытайдагы окуулуктарда. Кытай кыргыз мектептеринде 1989-жылдан жазуучунун "Атадан калган туяк" аңгемеси окутула баштайт. 1998-жылдан программага "Атадан калган туяк" аңгемесине "Манас-Атанын ак кар, көк музу" очерки, "Ак кеме" повести, "Дөнөн куштун аңгемеси" ("Кылым карытар бир күн" романынын бир бөлүгү) кошулган. Жогорку окуу жайларында чет элдик адабият катары "Жамийла", "Биринчи мугалим", "Ак кеме", "Гүлсарат", "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт", "Кылым карытар бир күн", "Кыямат" деген чыгармалары окутулат. Баштооч класстардын "Эне тили" китептерине Райкан Шүкүрбеков менен бакчадагы Чыңгыздын маеги "Чыңгыздын балалык кези" деген ат менен, "Балалыгым" эргимесинин үзүндү "Туңгуч калем акым" деген аталышта киргизилген. Орто мектептердин тил-адабият сабагына "Атадан калган туяк", "Жаныбарым, Гүлсары", "Дөнөн куштун аңгемеси" деген чыгармалары, "Турмуш жана эстемелер", "Адабияттын жаш атуулдарына" аттуу макалалары, Лейла Үкүбаеванын "Кыргыз элдик фольклору жана Чыңгыз Айтматов" деген макаласы киргизилген. Жогорку класстарга Мухтар Шаханов менен маеги, Саякбай Каралаев тууралуу айткандары, "Токой-Төш планетасына сапар" деген ("Кылым карытар бир күн" романынын үзүндүсү), жазуучу тууралуу Макелек Өмүрбайдын, Жу Ёкинин адабий изилдөөлөрү кирген. Уйгур мектептеринде "Уулу менен жолугушуу" аңгемеси, "…Ала-Дөбөтү", казак мектептеринде "Ауэзов тууралуу сөз" деген макаласы үйрөтүлөт.

Айтматов боюнча диссертациялар жазылып, корголгон. Пен Мей аттуу кытай аспиранты 1996-жылы Бишкек шаарында "Изучение творчества Чингиза Айтматова" деген темада филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган. Шы Жиншию 2007-жылы Тыянжын университетинде "Айтматов Кытайда", Ли Шө 2012-жылы Вухан университетинде "Айтматов жана азыркы заман кытай адабияты", Лию Хуйхуй 2013-жылы Шанхай чет эл тили университетинде "Айтматовдон Пелевинге чейин" деген монографиялары менен докторлук даражаларын коргогон.

Жазуучунун баласы Кытайдан "табылганда…" Айтматовдун уулу Элдардын айтуусунда, атасы 1989-жылы М.С.Горбачев жетектеген делегация менен Пекинге барганда сырттан кирген кытай жигит: "Сизге бир бала келди, уулуңуз экен" дейт. Михаил Сергеевич: "Бул жактан балалуу болгонго качан үлгүрүп жүрөсүң" деп таң кала, тамашалайт. Күтүлбөгөн конокту чакыртышат. Келген бала: "Мен сиздин "уулуңузмун", Ак кемени күткөн Бала менмин, көлгө сүзүп кетип, ушул аймакта жүрөм", — деп туруп калат. Дагы бир маалыматтарда телефондон мейманканага Айтматовго чалып ушул сөздөрдү айткандыгы белгиленет. Бул окуяны жазуучу көп жерде айтып калчу. Кийин билдик, ал бала Кытай борборунда окуган Маметжан деген кытайлык кыргыз экен, Чыңгыз "атасы" менен жолугуунун айласын таппай ушул амалды ойлогон экен.

Писатель Чингиз Айтматов
© Sputnik / Владимир Вяткин
Пен Мей аттуу кытай аспиранты 1996-жылы Бишкек шаарында "Изучение творчества Чингиза Айтматова" деген темада филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган

Жусуп Мамайды издеп… 1989-жылы СССРдин өкмөттүк делегациясынын курамында барган Айтматов Пекинде туруп, кызылсуулук кыргыз манасчысы Жусуп Мамайды издештирет. Албетте, ушундай абройлуу топтун башчысынын жанында жүргөн даанышманынын айткан-дегенин кытай бийлиги жан-дили менен аткарышы керек эле. Анда Жусуп Мамайды Шыңжан-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчү шаарына өзү жашаган Кызыл-Суунун Ак-Чий ооданынан алып келишип, үй берип, "Манас" эпосун жазуу иштери кызуу жүрүп жаткан. Жазуучу телефон чалганда бир кыз алат, көрсө ал кийин белгилүү манастаануучу жана Жусуп Мамай тууралуу бир нече китеп жазган Токтобүбү Ысык кызы экен. Ал Жусуп атанын намаз окуп жатканын айтат, жазуучу күтө туралы деп Токтобүбү менен аны-муну сүйлөшүп турат. Аңгыча намазын бүткөн Жусуп Мамай келип, трубканы алганда экөө ал-жай сурашып, көпкө маектешип, жазуучу манасчыны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырат.

Ош шаары. 1970 жыл
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Адыл Жуматурду менен байланыштар. Ошол Токтобүбүнүн жары Адыл Жуматурду Айтматовду өзү иштеген Жуңго коомдук илимдер академиясынын жетекчилиги менен макулдашып, 2007-жылы апрель айында Кытайдын борборуна чакыртат. Бирок жазуучу бара албай калат, кыргызча айтканда, сааты чыкпай калат. Анан ошол эле жылы 14-августта Адыл мырза зайыбы Токтобүбү, уулу Эрзат, кызы Перизат болуп, Бишкекке келип жазуучу менен жолугуп, ага Жусуп Мамайдын айтуусунда Үрүмчүдөн кирилл арибинде чыккан жети килограммдык "Манас" китебин тартуулайт. Кийин жазуучу бул китепти таң калып да, суктанып да көп кишилерге көрсөтүп жүрдү. Ал эми Адыл Жуматурду жазуучунун көптөгөн макалаларын кытай тилине которуп чыгарды.

90 жылдык Кытайда да белгиленди. Ошол датага карата уламыштары жана жомоктору, адабий чыгармалары, макалалары болуп жети китеби борбордук басмалардан жарык көрдү. Рынмин университети илимий-тажрыйбалык шерине, китеп-сүрөт көргөзмөсүн, киножумалыгын өткөрдү. Кыргыз Республикасынын КЭРдеги элчилиги менен Кытай эл университети биргеликте 14-15-декабрда "Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк маданий контекстте" деген эл аралык илимий жыйын уюштуруп, ага кыргызстандык профессорлор Лейла Үкүбаева, Айнура Кадырмамбетова катышып келди.

9691
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (290)
Тема боюнча
Алгач немисче жарык көргөн. Айтматовдун "Балалыгым" баяны тууралуу 7 факты
Ааламга Айтматовду берген жана Айтматов дүйнөгө даңктаган Шекер тууралуу 16 факты