Автоунаанын ачкычы жана акча. Архив

ОСАГО полисинин эң жогорку баасы айтылды

7044
(жаңыланган 15:00 15.01.2019)
7-февралдан тарта Кыргызстандагы бардык айдоочулар ОСАГО полисин ала башташы керек. Мамфинкөзөмөл кызматы камсыздандыруу полисинин орточо жана жогорку баасын айтты.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисинин (ОСАГО) эң жогорку баасы бир жылга 13 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын расмий сайтында жазылган.

Билдирмеге караганда, камсыздандыруу полисинин орточо тарифи бир жылга 2 210 сомду түзөт. ОСАГО полиси тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.

"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" (ОСАГО) мыйзамы ушул жылдын 7-февралынан тарта күчүнө кирет. Полиси жок кармалган айдоочуларга 3000 миң сом өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып пул салынат.

Бирок айып пул мыйзам күчүнө кирери менен салынбайт. Финкөзөмөл кызматы шашпай, тынч камсыздандыруу компаниясын тандап, полис алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн айдоочуларды 7-августка чейин акчалай айыпка жыкпай туруу сунушун киргизүүдө. Учурда аталган токтомдун долбоору министрликтер жана ведомстволордун макулдашуусуна жиберилип, коомдук талкууда.

7044
Белгилер:
ОСАГО, баа, камсыздандыруу, Кыргызстан
Тема боюнча
ОСАГО полисин канчадан, кантип, кайдан алыш керек? 10 суроого жооп