Жөтөлдү оңой айыктыруунун жолу сунушталды

© AFP / DAVID GANNOШоколад. Архивное фото
Шоколад. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар жөтөлдөн дарылануу үчүн какао кошулган дарыны ичкен 163 бейтаптын ден соолугуна көзөмөл кылышкан.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Шоколад кадимки жөтөлгө каршы мыкты дары экенин Халл университетинин окумуштуулары аныкташканын Daily Record басылмасы жазды.

Париж шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ден соолукту бекемдеп, саякаттоо үчүн мыкты шаарлар тизмектелди
Окумуштуулар жөтөлдөн дарылануу үчүн какао кошулган дарыны ичкен 163 бейтаптын ден соолугуна көзөмөл кылышкан.

Бир нече күндөн кийин бейтаптардын абалы кыйла жакшырганы байкалган. Жыйынтыгында какаонун курамындагы теобромин заты жөтөлдү күчөтпөй, адамдын жөтөлүү каалоосун басаңдатары аныкталган.

Окумуштуулар жөтөлдү дарылоодо дары-дармек эле иче бербестен бир кесим кара шоколадды оозго салып сорсо жакшы жыйынтык берет деген ойго келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0