Лаборатория. Архив

Окумуштуулар рак илдетинин негизги белгилерин айтты

3292
(жаңыланган 10:05 16.01.2019)
Улуу Британиянын окумуштуулары рактан кабар берген негизги белгилерди тизмектеп беришти.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Лондондун Макмиллан онкология борборунун окумуштуулары рак илдетинен кабар берген негизги жети белгини аташты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Рактын белгилери:

— Ичеги же табарсыктын иштөөсүндөгү күтүлбөгөн өзгөрүү:

— "түшүнүксүз" кансыроо;

— төш же башка жердин жооноюшу, тоголок нерсенин байкалуусу;

— тамак жутуп жатканда кыйналуу;

— кал, меңдин түсүнүн өзгөрүшү;

— кыркырап, оор жөтөлүү;

— көпкө чейин айыкпаган жараат.

Окумуштуулардын айтымында, жогорудагы белгилер байкалса эле ал рак менен ооруйт дегенди түшүндүрбөйт. Ошентсе да адистер мындай белгилердин бири эле билинсе, сөзсүз дарыгерге кайрылууну сунушташты.

Мындан сырткары, илимпоздор рактын алдын алуу үчүн чылым чегүүдөн баш тартып, салмакты бир калыпта кармап, ичимдикти азайтып, күн нурунан сактаган косметика колдонуп жана активдүү жашоо образы менен жашоо керектигин эскертти.

3292
Белгилер:
оору, рак, Окумуштуулар
Тема боюнча
Бизден оолак болсо экен! 2030-жылы дүйнөдө рактан канча киши өлөрү айтылды
Кызматкерлер таштандыны алып кетип жатышат. Архив

Күндүзгү стационар жана "Гансиден" чыккан таштанды кайда ыргытылат? ӨКМдин жообу

54
(жаңыланган 00:43 15.07.2020)
Социалдык тармак колдонуучулары стационарлардан, анын ичинде "Ганси" авиабазасынан чыккан медициналык таштандылар кайда ыргытыларына кызыгышкан.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкектеги күндүзгү стационар жана "Семетей" обсервациясынан (мурдагы "Ганси" авиабазасы) чыккан медициналык таштандыны жеке менчик компаниялардын бири чогултуп, ташып кетип жок кылат. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары стационарлардан, анын ичинде "Ганси" авиабазасынан чыккан медициналык таштанды кайда ыргытыларына кызыгышкан.

"Мындай иш-чаралар Республикалык штабдын тапшырмасы, Жугуштуу ооруларды алдын алуу департаменти, Санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун сунушу менен жүргүзүлүп жатат. "Семетей" обсервациясындагы медициналык таштандыларды чогултуу, алып кетүү жана кайра иштетүүдө санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылууда", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ элди такталбаган маалыматты тараптоого чакырды.

54
Белгилер:
тазалоо, таштанды, ӨКМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Сүрөт
Бишкекте түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады

Бишкекте түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Сүрөт

86
(жаңыланган 00:07 15.07.2020)
Түнкү стационарларда медиктер министрлик тарабынан бекитилген алгоритм боюнча дарылап, асма укол коюп, зарыл болсо бейтапты кычкылтек концентраторуна кошот.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Бишкектеги түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады. Андагы медиктер эртең мененки саат 9:00гө чейин иштешет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • В связи с острой нехваткой мест в городских больницах при поддержке предпринимателей развернуты два ночных стационара для тяжелобольных горожан, для оказания срочной медицинской помощи.
    Бүгүндөн тарта Бишкектеги түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В связи с острой нехваткой мест в городских больницах при поддержке предпринимателей развернуты два ночных стационара для тяжелобольных горожан, для оказания срочной медицинской помощи.
    Андагы медиктер эртең мененки саат 9:00гө чейин иштешет
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В связи с острой нехваткой мест в городских больницах при поддержке предпринимателей развернуты два ночных стационара для тяжелобольных горожан, для оказания срочной медицинской помощи.
    Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бүгүндөн тарта Бишкектеги түнкү стационарлар бейтаптарды кабыл ала баштады

Эске салсак, борбор калаада түнкү эки стационар ачылган. Бири 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан. Ал жакта 120 орун бар. Ал эми экинчиси — Фрунзе — Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Консул" ресторанында ачылды. Анда 100 орун даярдалган.

"Түнкү стационарлар күндүзгүдөн айырмаланып абалы оор бейтаптарды кабыл алат. Бул жакта медиктер министрлик тарабынан бекитилген алгоритм боюнча дарылап, асма укол коюп, зарыл болсо бейтапты кычкылтек концентраторуна кошот", — деп айтылат билдирмеде.

Мэрия түнкү стационарларда санитардык эрежелер сактала турганын эскертти. Медиктер тамак-аш, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалганы айтылды.

86
Белгилер:
медик, күрөш, оору, бейтап, стационар, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өкмөт COVID-19дан жабыркагандарды дарылоону жакшыртуу жолдорун издеп жатат