Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив

Чыңгыз Айдарбеков Норвегияда жашаган мекендештер менен жолугат

183
(жаңыланган 17:41 24.01.2019)
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында тышкы иштер министри алгачкы жолу аталган өлкөгө бара жатат.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 15-16-январь күндөрү Норвегия падышалыгына иш сапар менен барат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарланды.

Билдирмеге караганда, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында өлкөнүн тышкы иштер министри алгачкы жолу аталган өлкөгө бара жатат.

"Иш сапардын алкагында Айдарбеков норвегиялык кесиптеши Ине Эриксен Сөрейде, юстиция министри Тор Миккель Вара жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, бул күндөрү министр менен Норвегияда жашап, иштеп жаткан мекендештер да жүз көрүшөт.

183
Белгилер:
жолугушуу, мекендештер, иш сапар, Чыңгыз Айдарбеков, Норвегия
Тема боюнча
Кыргызстанга Кытайдын төрагасы менен Индиянын премьери келет
Парктын көлмөсүндө өрдөк

Жекшембиге карата аба ырайы

9
Жекшембиге караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. 1-ноябрь, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +9...+14 градус болот.  

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +16...+18  жана Ош шаарында +19...+21 градуска көтөрүлөт.

9
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы
Британиялык актер Шон Коннери. Архив

Белгилүү актёр Шон Коннери көз жумду

38
(жаңыланган 20:34 31.10.2020)
Дүйнөгө белгилүү актёр 1988-жылы “Оскар” сыйлыгына татыган. Анын жалпы жонунан үч “Алтын глобусу” бар.

БИШКЕК, 31-окт. – Sputnik. Британиялык актёр Шон Коннери 90 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу BBC жазды.

Актёр Джеймс Бонд жөнүндөгү тасмалардан сырткары, 70тен ашык кинодо роль жараткан. 1988-жылы “Оскар” сыйлыгына татыган. Актёрдун үч “Алтын глобусу” бар.

Анын уулу Жейсондун айтымында, Коннери Багам аралдарындагы Нассау шаарында көз жумган. Ал бир нече күндөн бери ооруп жүргөн.

38
Белгилер:
Шон Коннери, каза болду, актер
Тема боюнча
"Форрест Гамп" романынын автору көз жумду