WhatsApp тиркемеси. Архивдик сүрөт

ТИМ чет жердеги кыргызстандыктардын арыз-муңун мессенджер аркылуу угат

292
(жаңыланган 21:48 31.01.2019)
Консулдук кызмат департаментине +996 (551) 312-000 аркылуу билдирүү жөнөтсө болот.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти бүгүнтөн тарта тесттик режимде WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber каналдарын иштете баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Байланыш номери: +996 (551) 312-000.

Долбоордун негизги максаты — чет өлкөлөрдө жашап жүргөн кыргызстандык жарандарын укугун коргоо максатында тексттик, үн, фото жана видео билдирүүлөрдү кабыл алуу. Ошондой эле Кыргызстандын башка мамлекеттердеги мекемелеринин ишмердиги тууралуу пикирлерди кабыл алат.

292
Белгилер:
байланыш, жаран, консул, ТИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Баланын кордолгонун көрүп-билген киши кайда кайрыла алат? Облустагы телефондор
ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстанга барат