Дача СУ айылындагы учак кырсыгы. Архив

Бала кучактаган эне ак жууркан алдында жатыптыр. Куткаруучу Дастан менен маек

6452
(жаңыланган 09:23 18.01.2019)
2017-жыл, 16-январь. Таңкы саат 7:30дар чамасында ӨКМге "Бишкектин жака-белиндеги Дача СУ айылына учак кулады" деген маалымат түшөт. Бул учурда Дастан Женгенбеков башкарган куткаруу тобу нөөмөтүн кийинки топко өткөрүп берүүгө камынып жаткан. Өзгөчө кырдаалды угаары менен алты кишиден турган куткаруу тобу кырсык болгон жерге жөнөп кеткен.

Бүгүн Дача СУ айылында болгон учак кырсыгына туура эки жыл болду. Каргашалуу окуя учак алдында калгандарды издеген куткаруу кызматкерлеринин да эсинен кетпейт.

39 адамдын өмүрүн алган кырсыктагы издөө иштери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ошол учурда куткаруу тобун башкарып жүргөн Дастан Женгенбеков айтып берди.

Сотрудник МЧС КР, руководивший спасательной операцией при крушении самолета Boeing-747, недалеко от аэропорта Манас Дастан Женгенбеков во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дастан Женгенбеков: 21-кылымда адамдар бири-бирине жардам бербей калды" деп ойлой берчүмүн. Бирок бир литр варенье, бир килограмм шекерин көтөрүп келген чоң энелерди, оюнчугун алып келген бөбөктөрдүн оюнчугун алганда өлкөдө боорукер адамдар көп турбайбы деп ойлоп калдым.

— Жергиликтүү тургундар ӨКМ кызматкерлери кеч келишти деп айтышты эле. Учак кулаган жерге канчада бардыңар? Ошол учурдагы алгачкы көрүнүштү айтып берсеңиз?

— 15-январдан 16-январга караган түнү мен башкарган команда нөөмөттө болчу. Таң атпай туруп тамактанып, техниканы кийинки топко өткөрүп берели деп жатсак эле диспетчерде отурган кыз "Дача СУ деген айылда учак кулаптыр" деди. Дароо оюма "балким жалган маалыматтыр, диспетчер кыз туура эмес түшүнүп алган жокпу?" деген ой келди. Тактадым, чын экен. Башында биз калк жашаган аймакка кулаганын деле билген эмеспиз. Дароо алты кишиден турган топ чыгып кеттик. Ал күнү көзгө сайса көрүнгүс туман болчу. Унааны катуу ылдамдыкта айдай алган жокпуз. Ошентип кырсык болгон жерге 8ге аз калганда жеттик. Биз барган учурда аэропорттун эки өрт өчүрүүчү унаасы менен эки тез жардам бар экен. Экинчиси жаңы эле келгенин айтышты.

Бири кийимчен болсо, бири жылаңач болгон кишилер жакындарын, туугандарын издеп ыйлап, ары-бери чуркап жүрүшүптүр. Балдарга жолду катар "коркпогула, жалгыз жүрбөй чогуу иштегиле" деп акыл айтып барган менен кырсык болгон жерди көргөндө эмнеден баштарымды билбей, бир саамга туруп калдым. Ошол учурда жаңы эле командир болгом. Туман тарай элек, жумуш көп экенин көрүп алты бала эки топко бөлүндүк да, издөө иштерин баштадык.

"Бул жерде бала бар болчу" деп төрт-беш киши айланчыктап жүргөн жерди казсак, жашы 25тер чамасындагы жигиттин сөөгү табылды. Бир убакта экинчи топ "бир адамды тирүү алып чыктык, бак басып калыптыр" деп келди. Жакшы жаңылык деген жакшы жаңылык да, "тирүү адамдар бар экен" деген үмүт менен издөө иштерин ыкчамдаттык.

© Sputnik / Эркин Алымбеков
Дача-Суу айылы: учак кулаган жерден тартылган алгачкы видео

— Иш деген иш деңизчи, ошентсе дагы мындай апаат силерге деле катуу таасир берсе керек?

— Ооба, ошентсе да бул апаат катуу таасирлентти. Жергиликтүү тургундар айткан жактарды казып жүрсөк, бир киши "аялым, балдарым бар эле" деп нес болгон абалда бир үймөктү айланчыктап жүрүптүр. Үстү өрттөнүп жаткан баягы үймөктү каза баштадык. Учактын темирин ала койсок эле аппак жууркандын алдында 2-3 жашар баласын кучактаган келин жатыптыр. Ойго жаман нерсе келбейт экен, дароо эле "тирүүдүр" деп тез жардам чакырттык. Көрсө, кеч болуп калыптыр…

Дагы бир эсимде калган учур. Издөө иштери аяктап бир аялдын дайыны чыкпай жатат деп калышты. Көрсө, күйөөсү 5 жашар кызын бакчага алып кеткенде үйүнө учак кулаптыр, кош бойлуу келинчеги үйдө калыптыр. Жолдошу тамынын тушун көрсөтүп берди. Үйү түптүз болуп пайдубалы да билинбей калган экен. Тиги кишини сооротуш үчүн "балким аялыңызга бирөө чалып чыгып кеткендир, тирүүдүр" деп жубатып жаттык. Табылбай койду. Көрсө, келинди учак бир топ жерге чейин сүйрөп кетиптир. Аял өрттөнүп, түйүлдүк жарылып кеткенин көрдүк…

— Аялды тапкан учурда жолдошу силердин жаныңарда беле?

— Ооба, өзү көрсөтүп берип жүргөн да…

Сотрудник МЧС КР, руководивший спасательной операцией при крушении самолета Boeing-747, недалеко от аэропорта Манас Дастан Женгенбеков во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дастан Женгенбеков: Үстү өрттөнүп жаткан баягы үймөктү каза баштадык. Учактын темирин ала койсок эле аппак жууркандын алдында 2-3 жашар баласын кучактаган келин жатыптыр.

— Окуя болгондон кийин моралдык, психологиялык жактан ооруп, кыйналган жоксуңарбы?

— Бул эми биздин жумуш да. Куткаруу кызматкерлери кан, өлүм-житимди көп көрөт. Анын баарын жакын албаганга аракет кылам. Бул кызматка жаңы келгенде көпкө чейин кыйналып жүрдүм. Бара-бара көнөт экенсиң. Негизи куткаруу кызматына моралдык жактан күчтүү жана дене-бою чымыр балдарды алышат. Жүүнү боштор бул кесипке чыдай албайт да. Бир-эки кырсыкка чыкканда эле куткаруучу болуп иштей алар-албасы билинип калат.

— Учак алдында калгандардын сөөгү бир күндө эле табылдыбы?

— Ооба. Эң акыркы болуп жанагы кош бойлуу келиндин сөөгүн таптык. Ошол учурда убакыт болжол менен төрт болуп калган. Адамдардын сөөгү ар кандай убакытта табылып жатты. Кээ биринин сөөгү үйүнүн тушунан эмес, башка жактан чыкты. Аларды учак сүрүп кетиптир. Издөө иштери бүткөнгө чейин биз деле "балким тирүү чыгып калаар" деген үмүт менен жүрдүк.

Эртеси күнү ӨКМге келген гуманитардык жардамдарды жыйнаганга жардам бердик. Ошол учур да жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү десем болот. Ага чейин "21-кылымда адамдар бири-бирине жардам бербей калды" деп ойлой берчүмүн. Бирок бир литр варенье, бир килограмм шекерин көтөрүп келген чоң энелерди көргөндө, чоң ата, чоң апасын жетелеп оюнчугун алып келген бөбөктөрдүн оюнчугун алганда өлкөдө боорукер адамдар көп турбайбы деп ойлоп калдым.

Кукла с цветами на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас
© AP Photo / Vladimir Voronin
Бүгүн Дача СУ айылында болгон учак кырсыгына туура эки жыл болду. Каргашалуу окуя учак алдында калгандарды издеген куткаруу кызматкерлеринин да эсинен кетпейт.

— Кулаган учак телефон жүктөп баратыптыр, аларды куткаруучулар терип алышты деген кептер да айтылды эле…

— Көп эле жалтырак-жултурак көрдүк. Алардын арасында телефон, чехолдор бар болчу. Бирок топтогу балдарыма дароо эле "албагыла, тийбегиле, мындай нерсе буйрубайт, ар бирине жооп берип каласыңар" деп түшүндүрдүм.

— Экипаждын мүчөлөрүн да силер таптыңарбы?

— Алар учактын тумшугуна жабышып калыптыр. Экскаватор менен тумшугун жылдырып араң алып чыкканбыз. Учактын канаты, тумшугу эле калбаса калган бөлүгү чачырап, кыймылдаткычы өрттөнүп кеткен экен. Башында туманда көп билинген эмес, кийинчерээк бир топ жер кыйраганын көрдүк.

— Куткаруу кызматында иштеп жатканыңызга канча убакыт болду?

— 2015-жылы сентябрь айында киргем. 2017-жылдын август айынан баштап Бишкек шаардык башкармалыгына которулдум.

Негизи кичине кезимде деле аскер адамы болсом деп кыялданчу эмесмин. Бирок эл керегине жараган, ата-энем сыймыктанып, чоң иш жасаган адам болсом деп ойлочумун.

Мектепти бүткөндөн кийин политехникалык окуу жайынын машина куруу факультетине тапшырдым. Ал жакта окуп жүргөндө "айлыктан айлыкка жашаган жумушта иштебейм, чет өлкөгө барып иштеп, бутума туруп, бизнес ачам" деп максат койгом.

— Анан кантип куткаруучу болуп калдыңыз?

— Окуу жайды бүткөндөн кийин убактылуу иштеп туруу үчүн жумуш караштырып, өзүмдү сынап көрүү максатында ӨКМге дагы резюме таштап койгом.

Текшерип, кабыл алышты. Анда деле "убактылуу иштеп турам да" деп жүрдүм. Андан кийин офицер болдум. Аскер адамы болгондон кийин мамлекетке кызмат кылыш керек деген түшүнүк калыптанып калат экен. Ошентип ой-максаттарым түп-тамыры менен өзгөрдү.

Сотрудник МЧС КР, руководивший спасательной операцией при крушении самолета Boeing-747, недалеко от аэропорта Манас Дастан Женгенбеков во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дастан Женгенбеков: Жумушта ар кандай чакыруу болот. Бир күнү жол кырсыгына кабылып, эч нерсеси калбай чачырап кеткен адамдын сөөгүн көрсөң, бир күнү орус кемпирлердин бактан түшө албай калган мышыгын алып беребиз.

— Азыр чет өлкөгө баргыңыз келбей калдыбы?

— Иштеп келүү үчүн эмес, эс алып, жөн гана көрүп келсем деген ойлор бар. Аскер адамы болгондон кийин жашоого болгон көз караш да өзгөрүп, адам өзүнөн-өзү тарбияланат экен. Мисалы, ар кандай өлүм-житим, кырсыктарды көрүп "эртең ким бар, ким жок" деп ойлоп бүгүнкү, азыркы жашоо менен жашап калдым.

— Куткаруу кызматында иштеп жүргөндө ар кандай окуяларга туш болсоңор керек…

— Ар кандай чакыруулар болот. Бир күнү жол кырсыгына кабылып, эч нерсеси калбай чачырап кеткен адамдын сөөгүн көрсөң, бир күнү орус кемпирлердин бактан түшө албай калган мышыгын алып беребиз.

Ал тургай нике шакегин колунан чыгара албай калып кайрылган адамдар да болот. Колдору шишип кетип шакекти чыгара албай жатам деген чакыруулар түшөт. Бир жолу колу шишип кеткен келин келиптир. "Дарыгерлерге барсам колуңду кесиш керек" деп айтты, сиздер жардам бере аласыңарбы?" деп. Акырын кесип чыгаралы десек ыйлап, шакек мен үчүн баалуу, кеспей эле чыгарып бергилечи" дейт. Айла кеткенде күлдүк эле…

6452
Белгилер:
кырсык, учак, "Манас" эл аралык аэропорту, Дача СУ, Кыргызстан
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (223)
Тема боюнча
Эстелик, ээн талаа, селкинчек... Учак кулаган Дача СУнун азыркы көрүнүшү
Жээнбеков Дача СУдагы каргашадан жакындарын жоготкон балдар менен жолукту
Мектептеги окуучулар. Архив

Кыргызстанда окуучулар кайсы айда мектепке барары айтылды

4467
(жаңыланган 22:40 30.09.2020)
Мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. 2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Маалыматка караганда, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. 

Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугу медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана бет кап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат.

3D китебинин автору: оюн түрүндөгү "Ойнобук" баланын акылын өстүрөт

Ошондой эле кызматкерлердин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар-жогу боюнча анкета толтурулуп турат.

“Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген расписаниеге ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү расписание боюнча окутулат. Тагыраагы, сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта уюштурулат. Мисалы, 1-2-класстарда сабак 8.00дө башталса, 3-4-класстар саат 8.30га келишет. Балдардын саны 500гѳ чейин болсо, кезектешүү негизде болот. Мисалы, 1-2-3-класстар 1-кезметте, 4-5-6-класстар 2-кезметте окушат. Ашканада тамактануу процесси да смена боюнча уюштурулат”, — дешти штабдан.

Муну менен катар мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.

Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат.

4467
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

102
(жаңыланган 21:03 30.09.2020)
Бейшембиге караган түнү айрым райондордо жамгыр жаап, тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1-октябрь, бейшембиде, күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл, Нарын жергесинин көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу жерлерге кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жер көчкөн Кара-Кече көмүр кенине электр жарыгы берилди. Сүрөттөр

Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21 градус болот.

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаабыз Бишкекте +17...+19, Ош шаарында +18...+20 градусту көрсөтүп турат.

102
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы
АКШнын Киевдеги элчилигин имараты. Архив

Киевде АКШ элчилигинде иштеген аялдын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат

0
(жаңыланган 22:52 30.09.2020)
Алгач полиция аялды өлтүрө сабап кетишкенин билдирсе, кийинчерээк жергиликтүү басылмага укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам аны поезд коюп кетиши мүмкүндүгүн маалымдаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Украинанын борбору Киевде АКШ элчилигинин кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Киев Улуттук полициясынын маалымат кызматы дипөкүлчүлүктүн кызматкери ооруканага токмок жеп түшкөндөн кийин каза тапканын билдирген. Укук коргоо органдары окуянын жагдайын тактап жатат.

Трамп: полиция кызматкерлерин жөн жерден атып кеткен киши өлүм жазасына тартылат

Полициядан билдиришкендей, шаршемби күнү Киев шаарынын Шевченко районундагы темир жол каттамына жакын жердеги токойлуу аймакта башынан жаракат алган аял жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жакка полиция кызматкерлери жана башка кызматтардын өкүлдөрү жөнөп кеткен.

"Аял эс-учун жоготкон абалда ооруканага жаткырылып, кийин ал ошол жерден көз жумган. Жабырлануучунун буюмдарын текшерүү учурунда анын АКШ элчилигинде иштей турганын тастыктаган күбөлүк табылган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кызматкерге кол салышы ыктымал делген адамдын болжолдуу портрети түзүлүп, изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Украина полициясынын өкүлдөрү РИА Новостиге маркумдун жарандыгы тактала электигин билдиришкен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, аялдын аты Санвер Никаело болгон.

Андан кийин "Цензор.НЕТ" басылмасы укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамга таянуу менен элчиликтин кызматкерин поезд коюп кетиши ыктымалдыгын жазган. Аял кулакчын тагынып алып темир жол жакта чуркаганы божомолдонгон.

Ошондой эле маалымат берген киши элчиликтин кызматкери желке тушунан оор жаракат алганын кошумчалаган.

0
Белгилер:
иликтөө, өлүм, кызматкер, элчилик, АКШ, Киев, Украина
Тема боюнча
Киев: бомба жардырам деген өзбекстандыкты аскерлердин кармаган учуру. Видео