Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт

Бекешев Жогорку Кеңешке кирүүдөгү дресс-коддун талабын өзгөртүүнү сунуштады

166
(жаңыланган 21:05 17.01.2019)
Эл өкүлү кийимдин айынан айрым жарандар депутаттар менен жолуга албай калып жатканын айтты.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке кирүүдөгү дресс-коддун талаптарын өзгөртүү керектигин айтып, ал жарандар менен иштешүүдө тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.

Бүгүн депутаттар ар кандай маселелерди карап, өздөрүнүн жана жарандардын арыз-муңдарын айтышты.

"Майда, бирок маанилүү маселеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Жогорку Кеңешке келген жарандарга дресс-код деп УКМКнын кызматкерлери "джинсы менен келдиң, ботас менен келдиң" деп өтө көп тийишет. Кээде өзүм чыгып жарандарды киргизем. Мына 15-январда мага жана Максат Сабировго Ысык-Көлдөн көзү азиз жаран келген. Аны коштоп келген кишини джинсы кийип келгенсиң деп киргизбей коюшту. Ушундай да болобу? Жарандарды кабыл алып иштегенге ыңгайсыз болуп жатат", — деди депутат.

Эл өкүлү ага кайрылган айрым жарандар кийип келгенге пиджагы жок экенин ачык эле айтышарын кошумчалады. Андыктан бул боюнча жобо иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.

"Албетте, тартип болушу керек, бирок кишинин кийип келген кийимине кийлигишип кеткен туура эмес. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бирөөнүн коштоосунда келет. Кээ бир учурда талаптарды карабай, адамкерчиликтүү болуу зарыл. Айрымдары балдары менен келишет, аларды "балдарды калтыргыла" деп жатышат. Эми аял жалгыз бой болсо, баланы караганга киши жок болсо кайда калтырат? Балдарын өткөрүү пункттарына калтырып кирген учурлар болот", — деди Бекешев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 16-январдагы жыйынында депутаттар Алмазбек Токторов менен Мирлан Бакиров баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчисин "көйнөк кийип келбейсиң" деп уяткарып, залдан чыгып кетишин талап кылышкан болчу

166
Белгилер:
өзгөртүүлөр, талап, кийим, дресс-код, Жогорку Кеңеш, Дастан Бекешев
Тема боюнча
Футболка кийип келдиң деп ЖК залынан чыгарылган аткаминер. Окуянын видеосу
Жумабеков Жогорку Кеңештеги дресс-код тууралуу