"Ала-Тоо" аянтындагы митингчилер милиционерлер менен жулкулдаша кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг против незаконной миграции на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Митинг против незаконной миграции на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук аянтка болжол менен 250-300дөй киши нааразылык акциясына чыккан.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингдин катышуучулары абалга көз салып турган милиция кызматкерлери менен тартышып-түртүшө кетишти.

​Эскерте кетсек, нааразылык акциясы 17-январь күнү эртең мененки саат 10.00дөрдө башталган. Чогулгандар негизинен Кытай жарандарынын Кыргызстанга мыйзамсыз келишине тыюу салуу сыяктуу бир нече талаптарды койду. Аларга Тышкы иштер министрлиги, Миграция кызматынын өкүлдөрү чыгып, суроолорго жооп беришти.

Sputnik Кыргызстан журналистинин билдиргени боюнча ушу тапта аянта 250-300гө чукул киши турат. Абалды укук коргоо органдары көзөмөлдөп турат.

Ал эми митингдин жүрүшүн Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция аркылуу чагылдырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0