Санэпидем Бишкектеги эң мыкты жана эң начар кафелерге стикер чаптады. 2-бөлүк

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКафе в Санкт-Петербурге
Кафе в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсиңиздерде болсо, былтыр октябрда Sputnik Кыргызстан агенттиги Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан берилген Бишкектеги мыкты жана начар кафе-ресторан, тез татымдардын тизмесин жарыялаган. Бирок ал толук эмес болчу. Көзөмөлдөө борбору IV кварталында да текшериле турган жайлар бар экенин айткан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет жыл аягында, октябрь-декабрь айларында текшерилген кафе-ресторандардын тизмесин жана аларга кандай баа берилип, кандай стикер чапталганын жарыялайт. Бул жолу жашыл стикер (талаптарга туура келет) бир да тамактануучу жайга берилген эмес.

Октябрь айынан декабрга чейин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан жалпы 279 коомдук тамактануучу жайлар текшерилген. Бирок сентябрь айында айрым текшерилген тамактануучу жайларга стикер берилбей калгандыктан, алардын тизмеси IV кварталга жазылып калган.

"Жыл аягында жалпы 370 стикер берилди. Анын 37си — сары ("Бир аз жакшыртуу керек"), 333ү — кызыл ("Кыйла жакшыртуу керек") стикер алышкан. Жашыл стикер бир да тамактануучу жайга берилген жок. Кетирген кемчиликтер боюнча 75 жооптуу кызматкерге административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 201 объектинин жетекчилерине санитардык эскертме берилди", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле 30 жумушчу ѳз убагында медициналык кароодон ѳтпѳгѳндүгү үчүн убактылуу жумуштан четтетилген.

Токтом

Коомдук тамактануучу жайларда кызмат көрсөтүүнүн коопсуздук деңгээли жөнүндө токтом былтыркы жылдын 10-январында кабыл алынган. Анын биринчи бөлүгүндө 2018-жылдын 1-апрелинен тарта Бишкек жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан коомдук тамактануучу жайлар 12 айдын ичинде текшерилет деп жазылса, экинчи бөлүгү 2019-жылдын 1-апрелинде башталып, анда өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан тамактануучу жайлар көзөмөлгө алынары айтылган.

Экономика министрлигинин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев чапталган стикерлер аркылуу кардар кайсы кафе же ресторанга кирип тамак ичүү кооптуу же коопсуз экенин сырттан кирип келе жатып эле биле алат деп айткан

Стикерин көрүп төрүнө өт

Жашыл түстөгү стикер талаптарга туура келет дегенди билдирсе, сары түс аталган жайды бир аз жакшыртуу зарыл дегенди түшүндүрөт. Ал эми кызыл белги кыйла жакшыртуу керек деген маанини билдирет.

Баса белгилей кетчү нерсе, стикер аркылуу кафедеги тейлөө, тамактын даамы же өлчөмү деген нерселер бааланбайт.

Стикерлер төмөндөгү критерийлерге байланыштуу берилген:

— кафе, бар же ресторандагы тамак-аштын адам ден соолугуна пайда-зыяндуулугу;

— тастыкталган документтердин бар-жогу;

— ашканасынын абалы;

— эт, жер-жемиш сактаган бөлмөлөрүнүн саны;

— тамак-аштын бышкандан кийинки сапаты;

— иштеп жаткан кишилердин медициналык справкаларынын бар-жогу.

Специалист санитарного надзора Имакеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Имакеев: кафе-ресторандардын көбү санитардык талапка жооп бербейт
Начар жана мыкты кафелерге баа берүү, текшерүү иштери тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Майрам Иманкулованын маегинен кененирээк маалымат алсаңар болот

Көзөмөлдөө борбору өкмөттүн "Жеке ишкерликти текшерүүгѳ убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жѳнүндѳгү" токтомуна ылайык, декабрь айында текшерилген коомдук тамактануучу жайларга берилген санитардык эскертүүлөрдүн мѳѳнѳтү январь айына туура келгендиктен 28 ишканага стикер берилбей калганын кошумчалады.

Эске салсак, өкмөттүн "Жеке ишкерликти текшерүүгѳ убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жѳнүндѳгү" токтому 2019-жылдан баштап күчүнө кирди. Буга байланыштуу 2021-жылга чейин бир дагы тамактануучу жай эч кандай көзөмөл органдары тарабынан текшерилбей турганын Санэпидемстанция өкүлдөрү баса белгилеп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0