Аламүдүн районунда 54 жаштагы аял дайынсыз жоголду. Сүрөт

Жазылуу
Ал үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Аламүдүн районунда 7-январда кечки саат 22:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен 54 жаштагы Пичулист Наталья Владимировна кайтып келген эмес. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиБез вести пропавшая в Аламединском районе Наталья Пичулист
Без вести пропавшая в Аламединском районе Наталья Пичулист - Sputnik Кыргызстан
Без вести пропавшая в Аламединском районе Наталья Пичулист

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара, кой көз, кырдач мурун. Башына көк түстөгү топу, үстүнө күрөң күрмө, ачык түстөгү шым кийген. Бутунда кара түстөгү галош болгон.

Андан сырткары, эки бутунун тизесинин ылдый жагында операциядан калган тырыктары бар.

Милиция Наталья Пичулистти көргөн-билгендер болсо Аламүдүн РИИБдин 0(312) 36-35-27 телефондору аркылуу жана 0(312)36-35-23, 0(550) 51-09-05, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 же 102 номерине чалып кабарлап коюуну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0