ЗиЛ тоо лыжа базасы. Архив

Чүй облусунда туристтик кайрымдуулук фестивалы уюштурулат

72
(жаңыланган 19:41 25.01.2019)
Иш-чарадан түшкөн каражат ондогон медициналык жана социалдык мекемелерге берилет.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Чүй облусунда туристтик кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, "Кыргызстан — тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү" аталышындагы фестиваль 2-февраль күнү "ЗиЛ" тоо лыжа базасында өтөт.

Бир катар мамлекеттик мекемелер менен коомдук уюмдар уюштурган иш-чарада түрдүү мелдеш, сынак, аукциондор болот. Билеттерди сатуудан түшкөн каражаттар Бишкек, Ош шаарлары менен Ысык-Көл, Чүй облусундагы ондогон медициналык жана социалдык мекемелерге берилет.

72
Белгилер:
туристтик сезон, кайрымдуулук, фестиваль, Кыргызстан
Тема боюнча
Кеттик көлгө муз тепкени! Тескей жээкте кышкы оюндар фестивалы өтөт