Аюу алгыла, аюу! Бишкекте 2,5 миң долларга үйрөтүлгөн жырткыч сатылууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүХищники Новосибирского зоопарка
Хищники Новосибирского зоопарка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлү жырткычтын сатылышы боюнча текшерүү иштери болорун айтты.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Борбор калаада үйрөтүлгөн ургаачы аюу сатылып жатат. Бул тууралуу "Бугу-Эне" коомдук фондусунун директору Салтанат Сеитова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Аюу сатылары тууралуу жарнама берген адамдын жазганына караганда, "жырткыч колго үйрөтүлгөн, чип тагылган жана бардык документтери бар".

Сеитова мурда бул аюу Бишкектеги дүкөндөрдүн биринен кармалган деп божомолдоодо.

"Жаныбар менен ойноп, кызыгы тарагандан кийин сатканы жатышат. Бийлик мындай нерселерге көз жуумп коюуда. "Бардык документтери" дегени эмнеси? Жаныбарды Кыргызстанга алып кирүүгө эмненин негизинде документ алышты?" — деп жазды Сеитова.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жетекчисинин орун басары Расул Артыкбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жаныбардын сатылышы боюнча текшерүү жүрөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0