17 көчөдө электр кубаты болбойт. Эртең Бишкекте жарык өчүрүлөт

Жазылуу
Электр энергиясы жаңы конуштарда болбойт.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы 17 көчөдө 21-январь күнү электр кубаты болбой тургандыгын "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Бул күнү линиялар жана башка бир катар жабдуулардын кабелдери бир ирет текшерүүдөн өтүп, табылган калпыстыктар четтетилет.

Электр энергиясы төмөнкү көчөлөрдө болбойт:

— 09.00-13.00 — Көк-Жар жаңы конушу (Ахунбаев, Куйручук, Санжыра, Жеңижок, Ой-Терскен көчөлөрү);

— 09.30-15.00 — Бакай-Ата жаңы конушу (Ак-Балта, Ак-Талаа, Бакай-Ата көчөлөрү);

— с 09.30-17.00 — Ак-Ордо жаңы конушу (Карагыр-Ата, Көк-Бел, Айгүл-Тоо көчөлөрү);

— 09.30-18.00 — Тоголок Молдо, Репин, Боромбай, Күйүкова, Боталиев жана Махатма Ганди көчөлөрүнүн кээ бир жерлеринде электр кубаты чектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0