Көнүгүү жасап жаткан кыз. Архив

Окумуштуулар кайсы көнүгүүлөр ден соолукка зыян экенин айтышты

2003
(жаңыланган 10:07 22.01.2019)
Кээ бир көнүгүүлөр туура эмес жасалганда ден соолукка зыянын тийгизип, адам кыймылдай албай калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дене тарбия көнүгүүлөрүнүн ичинен буралып, ийилип кыймылдоо башка көнүгүүлөргө караганда кооптуураак. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

Ичин чыгарбай, жалпак кылам деп аталган көнүгүүнү жасагандар ооруканага түшүп калган учурлар болгон. Адистер иликтегенден кийин ушундай жыйынтыкка келген.

Буралып, эңкейип жасалган көнүгүүлөр туура эмес жасалганда ден соолукка зыянын тийгизип, адам кыймылдай албай калышы мүмкүн.

Бул жерде кеп омурткаларды жана белди кокустатып алуу туурасында болууда. Өтө кысылган булчуңдар белди тартып, кайра калыбына келтирип түздөгөндө адамдын денеси жабырланып, оорутушу мүмкүн.

Дарыгерлер бул көнүгүүнүн ордуна башканы сунуштаган. Ал — планка (бутунун башы жана чыканакка таянып, жерден бир нече сантиметр көтөрүлүп, көмкөрөсүнөн түз жатуу) дешти. Бул ичтин булчуңдарын киргизүүгө жардам берээрин айтышкан. Адам мындай абалда турганда омурткалар табигый абалында калып, жакшы натыйжа берерин кошумчалашкан.

Бул ыкманын коопсуз экендиги анык болгондон кийин 2015-жылы америка армиясында жоокерлерди жапырт планка жасаганга өткөрүшкөн.

Адистер "пресс жасайм" дегендерге гимнастикалык шарды колдонуп көнүгүү жасоону сунуштап, анын зыяны аз экендигин айтышкан.

2003
Белгилер:
булчуң эти, окумуштуулар, көнүгүү, Дене тарбия
Тема боюнча
Окумуштуулар тамакты мүнөздөп ичүү жашоону узартарын далилдешти
Окумуштуулар жүрөккө пайдалуу азыктарды атады
Баткенде кармалган тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаалар

Милиция Баткенде кармалган тажикстандык фуралардагы жүктү көрсөттү. Сүрөт

50
(жаңыланган 12:53 12.05.2021)
Милициянын берген маалыматы боюнча, бул автоунаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмашылат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Баткенде кармалган тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаалары Россиядан келе жатканын облустук милиция билдирди.

ОИИБдин маалымат кызматы фуралар турмуш-тиричилик үчүн колдонулган күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жүктөп баратканын көрсөтүп, сүрөтүн жарыялады.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, тажик жарандарынын үч фурасы Баткен шаарынын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган. Автоунааларды ички иштер органынын кызматкерлери коштоп бара жаткан.

Милиционерлер фураларды Оштон Баткен облустук милициясынын унаа токтотуучу жайына алып баратканын билдиришкен. Тажик жарандарынын коопсуздугу үчүн коштоп баруу чечими кабыл алынганы айтылган. Бул жүк ташыган унаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмашылары белгиленди.

50
Белгилер:
милиция, буюм, фура, Баткен облусу
Тема боюнча
Тажикстандын фураларын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
Бишкектеги ооруканалардын бириндеги электрондук карта. Архивдик сүрөт

ММКФ: жыл аягына чейин ар бир жарандын электрондук амбулатордук картасы болот

15
(жаңыланган 12:49 12.05.2021)
Электрондук амбулатордук картаны ишке киргизүү былтыр эле пландалган. Бирок коронавирус пандемиясы тоскоолдук жараткан.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ушул жылдын соңуна чейин ар бир кыргызстандыкты электрондук амбулатордук карталар менен камсыздоо пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева кабарлады. 

Первый заместитель председателя Фонда обязательного медицинского страхования Клара Оскомбаева во время брифинга в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева

Анын айтымында, саламаттык сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгү ачык-айкын болушу үчүн иреттелген маалыматтык система талап кылынат.

"Ар бир бейтап электрондук система аркылуу өтүшү зарыл. Электрондук амбулатордук карталар жасалат, бирок ага ресурс жана убакыт керек. Быйыл бул ишти аягына чыгаруу тапшырмасы турат. Былтыр мындай карталарды ишке киргизүүгө коронавирус пандемиясы тоскоолдук жараткан", — деди Өскөмбаева.

Адис бул кадам медиктердин эмгек процессине канчалык катышкандыгын көзөмөлдөп, кошумча төлөмдөрдү адилет бөлүштүрүүгө жардам берет деп эсептейт.

15
Белгилер:
реформа, оорукана, оорукана, медицина, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыгер акча соргон, пайдасынан зыяны көп процедураларды атап берди