Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ

Таштандыны ала кетти. Бишкекте элдин футбол беттешин көргөндөн кийинки видеосу

7192
(жаңыланган 13:12 25.01.2019)
Калаадагы ири соода борборунун алдында күйөрмандар чоң монитордон футбол көрдү.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Азия кубогунун алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин курама командалары беттешкен. Аны көргөнү күйөрмандар Бишкектеги соода борборлорунун биринин алдына келген. Оюн бүткөн соң алар ошол жердеги таштандыларды өздөрү менен кошо жыйнап кетишти.

Ал жерге болжол менен миңге чукул адам келди. 

Кыргызстандын курама командасы өзүнүн тарыхында Азия кубогуна гана багыт албастан, плей-оффко өткөн эле. Бирок команда бүгүнкү 2:3 эсебиндеги жеңилүүдөн кийин мындан аркы таймаштарга катыша албайт.

7192
Белгилер:
күйөрман, футбол, Азия кубогу, Бириккен Араб Эмирлиги, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
Тема боюнча
Түн. Бишкекте КР футбол командасына күйөрмандык кылган эл. Фотофакт
Татыктуу ойноду! Кыргызстан футбол беттешинде Бириккен Араб Эмирлигине утулду
Бишкектеги дүңкүлдөгөн барабан, бийлеген эл. Экинчи гол учурундагы видео

Кежирлигин айт! Карганын кирпини түрткүлөп, жолдон өткөргөн видеосу

8
Кадимки эле асфальтталган жолду туурасынан кесип, басып-баспай кежеңдеп бара жаткан кирпини артынан тумшугу менен чокулап, түрткүлөп өткөрүп бара жаткан чар карганы көрүүгө болот.

Маалыматты "National Geographic Россия" сайтына жарыялады.

Экөөнүн өтүп кетишин бир нече автоунаалар күтүп, казкатар тизилип токтоп калган.

Окуя Латвиянын Огре деп аталган шаарында болгон.

Видеону көргөн киши аргасыздан жылмаят. Кирпи чечен жалкоолондубу же башка себеби барбы, айтор, карганын чыдамын кетиргенин көрүүгө болот. Анткен менен кежирликке моюн бербеген канаттуу кезеги келгенде тумшугу менен тил укпаган, кашаңданган жаныбарды чокуп-чокуп алып жатканы көзгө дароо урунат.

Видеонун алдына комментарий жазгандардын бири "карганын бул камкордугу калп эле, четке чыгарып алып жеши да мүмкүн" деген.

Ал эми дагы бир интернет колдонуучу карганын акылы жети жаштагы баладай деген пикирин айтып, канаттуу кирпини өлтүрүүгө аракет да кылбастыгын жазган.

8
Белгилер:
автоунаа, видео, канаттуулар, чечен, кирпи, чара, Латвия
Тема боюнча
Жол эрежесин көзөмөлдөгөн камерага "фотосессия" өткөргөн тоту куштун видеосу
Саякатчы кирпи Instagram баракчасында жылдыз болууда. Сүрөт
Аял бир миң сомдук купюраларды кармап турат. Архив

Нарында COVID менен күрөшкөн медиктерге 12 млн. сомдон ашык каражат төлөндү

6
Март айында облус боюнча 495 медицина кызматкери коронавирус очогунда иштеп, 2 миллион 620 миң сом алса, апрелде 10 миллион сомдон ашык чыккан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Нарын облусунда коронавирус менен күрөшкөн медиктерге 12 миллион сомдон ашык кошумча акы төлөнүп берилген. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сыйнагүл Шамеева билдирди.

Анын айтымында, бул каражат март, апрель айларына кошумча акы катары каралган.

"Март айында облус боюнча 495 медицина кызматкери коронавирус очогунда иштеп, 2 миллион 620 миң сом төлөнсө, апрелде 639 медицина кызматкери 10 миллион 344 миң сом кошумча акы алышты", — деди Шамеева.

Ал "коргонуучу каражаттын жетишсиздигинен медкызматкерлер коронавируска көбүрөөк чалдыгып жатышат" деген маалыматты төгүндөгөн.

"Оору алгач башталганда коргонуучу костюмдарды табуу кыйын болду. Аргасыздан тигүү цехтерине тиктире баштаганбыз. Кийин өкмөт тендерсиз эле коргонуучу формаларды, антисептик, бет каптарды сатып алууга уруксат берген. Учурда баары жетиштүү", — деди ал.

Нарын облусу өлкө боюнча коронавирус көп катталган аймактар арасында үчүнчү орунда турат. Бул аймакта вирус жуктургандардын саны 300дөн ашты.

6
Белгилер:
кошумча акы, медик, коронавирус, Нарын
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Коронавирусту ооздуктай албай... Нарында бир катар жетекчилер кызматтан кетти