Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ

Кичиндин футболкасын кайдан алам? КР командасына чет элдиктер жан тартканда

(жаңыланган 19:02 23.01.2019)
Оюн Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өттү.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Азия кубогунун алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) курама командалары беттешип, оюн 2:3 эсебинде БАЭ командасынын пайдасына жыйынтыкталды.

Оюн Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өттү.

Бирок социалдык тармактын колдонуучулары оюнга көз салган башкы арбитр Фу Минг көп учурда калыстык кылган жок деген нааразычылыктарын жазып чыгышты.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары социалдык тармакта #FuMingShame (ФуМингУял) деген хэштег менен флешмоб баштады. Ал ортодо оюндун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн change.org сайтында петиция үчүн кол топтолууда.

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин курама командаларынын оюнуна көз салган чет элдик күйөрмандар да башкы калыс Фу Минг боюнча терс көз караштарын жазып, ал бир командага тартып койду деген пикир билдиришүүдө.

Ирактык Мохаммед Альмумин аттуу журналист: "Уят. Бул футбол беттеши эмес, коррупциялык жаңжал",- деп жазды.

​Darius аттуу колдонуучу "өз үйүндө ойногондор жасалма пенальти алышты" деген пикирин билдирди.

​Twitter тармагына FOREVER YOUNG деген ат менен катталган колдонуучу бул жерде бардыгын акча чечип койгонун айтып, оюнду кайтадан карап чыгуу керек деп жазды.

​Rodrigo Liffourrena аттуу жаран берилген жаза уят экенин айтты.

​Бириккен Араб Эмирлигинин курама командасынын биринчи жана акыркы киргизген голу да шек жаратарын Cameran аттуу колдонуучу жазды.

​Fox Sports Asia телеканалынын комментатору Роберт Корнтвейт оюн абдан кызыктуу жыйынтыкталганын белгиледи.

"Оюнду көрүп жаткан нейтралдуу күйөрмандар кыргызстандык футболчуларга жан үрөп жатты деп ойлойм. Акырына чейин туруп, күткөндөн да жакшы оюн көрсөтүштү. Эми мен Валерий Кичиндин футболкасын кайдан сатып алсам болот?" — деп суроо салды ал.

​Мурдагы футболчу жана учурда Fox Sports Asia телеканалында комментатор болуп иштеген Райш Рошан Рай Кыргызстандын курама командасы эң сонун оюн көрсөткөнүн жазды. Ошондой эле башкы машыктыруучу Александр Крестинин мыктыларды чогултуп, оюндун тактикасын так түзгөнүн белгиледи.

​Австралиянын Антоний аттуу тургуну Кыргызстандын курама командасы кызыктуу оюн көрсөткөнүн билдирди.

"Биздин команда (Австралия — ред.) дагы ушундай аракет кылып оюн көрсөтөт деп ишенем. Кыргызстандыктардын утулуп калганы биз үчүн жакшы болгон чыгар, бирок алар мындай жеңилүүгө татыктуу эмес болчу", — деген пикирин жазды.

Белгилер:
пикир, социалдык тармак, Азия кубогу, Бириккен Араб Эмирлиги, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
Тема боюнча
Абылгазиев баштаган аткаминерлер күйөрмандык кылганда. Сүрөт
Кыргызстан — БАЭ беттеши. Голдордун видеотоптому
Александр Крестинин: биз мындан да чоң нерсеге татыктуубуз!
Алкап, сыймыктанып. Футболчу ак шумкарларга жааган соцтармактагы пикирлер
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

(жаңыланган 23:29 19.04.2021)
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония вручения именных часов президента Кыргызстана Садыра Жапарова 11 российским военнослужащим на авиабазе Кант
© Пресс-служба президента КР
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган. 

Белгилер:
сыйлык, Садыр Жапаров, президент, Аскер, саат, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу
Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ошто балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты эшигин ачты. Сүрөт

(жаңыланган 21:43 19.04.2021)
100 орунга ылайыкташкан жаңы оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөн. Ал эми эски имараты толугу менен оңдолгон.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.

  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Министр здравоохранения Алымкадыр Бейшеналиев и руководители городской мэрии Оша осматривают новую детскую инфекционную больницу
    Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Новая городская детская инфекционная больница на 100 мест в городе Ош
    Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 4
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.

100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.

Белгилер:
азем, ачылыш, министр, оорукана, Ош, Кыргызстан
Тема боюнча
Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды. Сүрөт