Кыргызстан футболчуларын кантип тосуп алат? "Ала-Тоо" аянтындагы иш-чара

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу
Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Туркменистана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ири программадагы концерт саат 14.00дө башталат. Ал эми футболчулар аянтка бир сааттан кийин келмекчи.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинен кайткан курама команданы тосуп алчу күйөрмандар буга чейин айтылгандай "Манас" аэропортуна эмес, "Ала-Тоо" аянтына чакырылат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Эскерте кетсек, 24-январда Азия кубогунан келчү спортчуларды тосуп алуу үчүн каалоочулар таңкы саат 4.00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго чогулуп, андан ары "Манас" аэропортуна бармак.

"Таң эрте аэропортко баруу күйөрмандардын басымдуу бөлүгү үчүн ыңгайсыз экенин эске алып, агенттик элди борбордук аянтка чогултууну эп көрдү. Жолугушуу саат 15.00дө башталып, ири программадагы концерт менен коштолот", — дешти агенттиктен.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна катышып, плей-оффко чейин жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0