Экстремизмге каршы акциясы. Архивдик сүрөт

Бизге ынтымак керек! Көлдүн эки айылында түшүндүрүү иштери жүрөт

207
(жаңыланган 09:40 24.01.2019)
Кыргызстандын мыйзамында диний же улуттук түшүнүктөн улам зомбулук жасоого чакырык экстремисттик ишмердүүлүк катары каралат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн эки айылында дин саясатын, конфессиялар, улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө, коомдогу стабилдүүлүктү сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрөт. Бул туурасында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан кабарлашты.

Андан сырткары, диний жана этникалык негиздеги экстремизмдин алдын алуу зарылдыгы боюнча адистер эскертүү берет.

Иш-чара Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, ИИМ, Этникалык мамилелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин демилгеси менен өткөрүлүүдө.

Түшүндүрүү иштери Ананьево айылында 23-январда, ал эми Тамчы айылында 24-январь күнү болот.

Эске салсак, 11-январда саат 20.30да белгисиз бирөөлөр көрүстөндөгү чырым белгилерин, эстеликтерди, тосмолорду сындырып, гүлчамбарларды ар тарапка ыргытып кетишкен.

"Биз бардык динге бирдей мамиле жасалган светтик мамлекетте жашайбыз. Адам диний же этникалык негизде кемсинтүүгө учурабашы керек. Кыргызстандын мыйзамында диний же улуттук түшүнүктөн улам зомбулук жасоого чакырык экстремисттик ишмердүүлүк катары каралат. Биз андыктан ар кыл диндин өкүлдөрүнүн диалогу менен бири-бирин урматтоосун өнүктүрүшүбүз керек", — деп айткан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев.

Sputnik калкынын саны тез өскөн Кыргызстандын аймактары туурасында инфографика жасаган.

207
Белгилер:
көрүстөн, ынтымак, түшүндүрүү иштери, Ананьево, Ысык-Көл облусу, Тамчы, Кыргызстан
Тема боюнча
Абдылдаев: Кытайдын визасын алуу ишкерлер үчүн оор бойдон калууда
Экстремизмдин идеологиялык сыйыртмагы же ала кушту атынан атайлы
Башыбыз көбөйүүдө! Калкынын саны тез өскөн Кыргызстандын аймактары
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

7
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

7
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду

Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

10
(жаңыланган 19:51 23.06.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган. Ал жерде киночулар душмандардын кыргыз айылына кол салган эпизодун камерага түшүргөн.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тартууга киришип, буга мамлекеттен 600 миң рубль бөлүнгөн.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.

"Мен көп кыргыз режиссерлору менен иштештим. Оператор катары Болот Шамшиев менен эмгектенүү мен үчүн ырахат болчу, аны менен чыгармачылыгымдын мыкты жылдары өттү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап келип эле көркөм фильм тартууну "Ысык-Көлдүн кызгалдактарынан" баштагам. Ошондо бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, кийин башка тасмаларда дагы иштешип достошуп калдык. Чынын айтканда, азыр Шамшиевдей таланттуу режиссёр жок. Мүнөзү оор деп коюшчу, бирок ар бир адамдын эле өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзү болот. Биринчиден, ал ишке так болчу. Тасма тартуу процессинде ондогон адис, артист иштейт, баарына аябай катуу талап койчу. Союз тарап кетип Болот 20 жылдай тасма тартпай жүрүп, мени жети-сегиз жыл мурун бир эмгектин үстүнөн иштөөгө чакырган. Мен кубануу менен сунушун кабыл алып, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги жумушуман арыз жазып чыгып кеткем. Жумушту заманбап техника менен баштаганбыз. Болоттун жакшы жагы — эпизоддор толук даяр болмоюнча ишти баштачу эмес, тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылчу. Бир жолу Геннадий Базаров эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, дүйнөдөгү мыкты режиссёрлордун ичинен ким менен иштешмексиң деп сурап калды. Мен ага "убагында япониялык атактуу режиссёр Акира Курасава, америкалык Джордж Кьюкордун иштегенин көрүп калгам. Далай ата мекендик режиссёрлор менен тасма тарттым, бирок Болот менен фильм жаратмак элем деп жооп бергем", — деди Мусаев.

Ал жылы режиссёр Шамшиев 34, оператор Мусаев 33, Жамгырчинов менен Хусанбаев 25 жашта болгон.

"Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

10
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, оператор, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима Шабазова менен музейде. Таберик сүрөт
Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү