Окуучу. Архивдик сүрөт

Баланын жакшы окушу үчүн эмне кылуу керек? Мугалимдердин кеңеши

1253
(жаңыланган 11:15 24.01.2019)
Иликтөөгө 1,5 миң окутуучу катышкан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Баланын мектепте жакшы көрсөткүчкө ээ болушуна саякат оң таасир этет. Бул тууралуу "Известия" жазды. 

Американын Студенттик жана жаштар туризми ассоциациясы 1,5 миң мугалим арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Катышуучулардын 56 пайызы саякаттоо баланын окуудагы ийгиликтерин шарттай турганын, мындай окуучулар келечекте жакшы жумуш табуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин айтышкан. Ал эми 53 пайызы эки жакка көп чыккан бала мектеп программасын жакшы өздөштүрөт деген ойдо.

Сурамжыланган педагогдордун 74 пайызы саякат баланын өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон каалоосун күчөтүп, шык-жөндөмүн арттыра турганын айткан. Иликтөөдө эл-жерди көргөн бала өз алдынча болуп, бир нерсе үйрөнүүгө дилгир болуп калары белгиленет.

1253
Белгилер:
кеңеш, мугалим, саякат, окуучу, мектеп
Тема боюнча
Убакыттын убалына калба! Китеп окууга шыктандырчу 11 сунуш
Кулакчынды чеч! Чүйдө окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин үйрөндү
Бекташова: жаңы конуштардагы жарыктын жоктугу окуучуларга көйгөй жаратууда