Кеп казына. Сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн чечен Сарт акенин таамай кептери

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген кары адам. Архив
Улуттук кийим кийген кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Сарт аке Доскулу уулу болжолу 1770-80-жылдардын аралыгында азыркы Нарын шаарынын четиндеги Теке-Секирик айылында туулган. Ал Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосун жайлап, кышты Түргөн деген жерде (азыркы Ак-Суу районунда) өткөргөн. Мойт акеден 30 жаштай кичүү болгон.

Эл ичинде "акыл сурасаң Сарт акеге бар" деген кеп бекеринен айтылып калган эмес. Ал киши ойчул, чечен, саяпкер болгон. Сарт аке атайын өтүнүч, суроо талап болгондо гана кепке аралашкан. Шарты болгон жагдайларда маектешип отургандардын кимиси болсо да Сарт акеден нускалуу кеп угуп калууга куштар болуп, анын айткан ар бир кебин көкүрөккө түйүп алууга ынтызар эле деп айтылат.

Сарт акенин таамай кептери:

Комуз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Учкул сөздүн устаты Алдаш Белек уулу
Жайлоолордо манасчыларды, акындарды, чечендерди, алардын ичинде акылман акелерди кепке тартып, аларга ар түрдүү суроолорду берип, сөз жарышындагы даанышман ойлорун, педагогикалык насааттарын кызыгуу менен угушкан. Бир жолу ошондой топтолгон жерде Мойт аке Сарт акеге бир нече суроо менен кайрылат, ал киши болсо өзүнүн жообун берип отурат.

— Кандай адам бай болот?

— Үйүнө кут түшкөн, пейили кенен, колу ачык, тукуму өскөн адам бай болот.

— Эркек деген ким, аял деген ким?

— Эркек — үрөн, аял — жер. Үрөн жайсыз өспөйт.

— Бул дүйнөдө ким карып?

— Ынтымаксыз эл карып.

— Бейиш эмне, тозок эмне?

— Шарыят жолу менен жүрсөң, эмгек, таман акы, маңдай териң менен адам катары жашасаң — бейиш, шарыят жолунан адашсаң, адамча жашай албасаң — тозок.

— Кубаныч эмне, кайгы эмне?

— Кубанычтын да, кайгынын да булагы көп. Чоң кубаныч — балалуу болуу. Чоң кайгы — анын учуп кетиши.

— Душман менен туугандын айырмасы кандай?

— Күбүр сөз — душман, так айтылган ачык сөз — тууган.

— Бул жалганда не семиз?

— Суудан семиз эч нерсе жок. Ал эми калган жандыктын бардыгынын семизи да, арыгы да убактылуу. Суу бардык жандыкка өмүр тартуулап, эне болуп турат.

— Бу дүйнөдө не кордук, не олжо?

— Отун — олжо, суу — кордук. Суу жок болсо өсүмдүк гана эмес, жан-жаныбар да өспөйт. Отун болбосо, адамдын жашоосу өтпөйт.

— Бийлик эмне?

Комуз чертип жаткан акындын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Жүрөгүндө ыйман, акылында билими бар Молдо Кылыч
— Бийлик — күйүп турган шам. Бир учурда күйөт, кези келгенде өчөт. Бийлик колдо турганда тууганың да, душманың да айланаңа топтолот. Бийлик колдон кеткенде алардын бирин көрүүгө зар болосуң. Бийликтеги адам түбөлүгүн ойлосо, кол алдындагылардын шагын сындырбай, боюна тартып жүргөнү абзел.

***

Насаат — жашоо эрежеси, турмуш багыты. Ким насаатты кабыл албаса, боюна сиңирбесе, сокур пенде караңгыда кан жолго таяксыз жалгыз чыккандай болот.

***

Жакшы атка конуу — асылдык. Ага жетүү кыйын, аны колдон чыгарып коюу арзан. Колдон чыккан — жоголгон нерсе. Жоктун орду толбойт, толсо да мурдагыдай болбойт.

***

Өзүңдөн мыктыларга, жашоо-тиричилиги жогоруларга, зоболосу бийиктерге суктанба, өзүңдөн пастарга, ал мусапыр болсо да, карып болсо да, кем акыл болсо да сынтакпа. Суктануу кызганчаактыктан келип чыккан илдет болсо, сынтагуу текеберчиликтен, кем акылдыктан, өзүн көтөрө чалуудан, кемсинтүүдөн келип чыгат.

***

Кесир деген — ырысын тебүү.

***

Түптүү элде нарк-нуска, салт, үрп-адат, адеп-ыйбаа туруктуу.

***

Ниет оңолгондо эси-дартың да, сүйлөгөн сөзүң да оңолот.

***

Адамдын оң жолдо болуусунун өбөлгөсү — этияттык.

Жаңылыктар түрмөгү
0