Ымыркай көтөрүп турган эне. Архив

Балага "сүйүнчү пул" берүүнүн шарты өзгөрдү. Чоо-жайы

680
(жаңыланган 13:10 24.01.2019)
Борбор калаа менен Чүй облусунда жөлөк пул берүүнүн жеңилдетилген механизми тесттик түрдө ишке кирди. Тийиштүү министрлик эми акча алуу оңой болуп каларын айтууда.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балага "сүйүнчү" берүүнүн жеңилдетилген шарты сыналып жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми акча райондук жана шаар башкармалыктарынын кийлигишүүсүз эле электрондук системанын жардамы менен берилмекчи. Сынамык долбоор Бишкектин Свердлов району менен Чүйдүн Сокулук жана Аламүдүн райондорунда 31-мартка чейин ишке кирет.

"Акча транзиттик эсепке жөнөтүлөт. Аны ата-эне каалаган банктын филиалынан акчалай ала алат. Бул арыз толтуруудагы катачылыктардын алдын алууга жана акча алуунун мөөнөтүн кыскартууга жардам бермекчи", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө пособие алуу үчүн арыздар 444 жерде кабыл алынат, 60ы — ЗАГС органдары болсо, 16сы — калкты тейлөө борборлору. Ал эми 368и — маалымат күркөлөрү.

2018-жылы "сүйүнчү пулду" 90 849 адам алган. Буга республикалык бюджеттен 365,8 миллион сом бөлүнгөн.

680
Белгилер:
бала, сүйүнчү пул, Чүй облусу, Бишкек
Тема:
Жөлөк пул (30)
Тема боюнча
Балага сүйүнчү эки күндүн ичинде бир эле документ менен бериле баштайт
Балага сүйүнчү алган ата-эне банкка акча төлөбөшү керек. Министрликтин түшүндүрмөсү