Узун бойлуу аялдар узак жашайт. Окумуштуулардын аныктамасы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКезекте турган кыздар. Архив
Кезекте турган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 20 жыл бою иликтөө жүргүзүп, бою 175 сантиметрден жогору аялдардын 90 жаштан ашуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин аныкташты.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Узун бойлуу аялдар башкалардан узагыраак жашайт. Бул тууралуу нидерланддык окумуштууларга шилтеме берип Journal of Epidemiology&Community Health журналы жазды.

Адистер 20 жыл бою иликтөө жүргүзүп, бою 175 сантиметрден жогору кыз-келиндердин 90 жаштан ашуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин аныкташты.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай бийлиги ДНКсы өзгөртүлгөн балдар туулганын тастыктады
Иликтөөгө эксперимент башталган жалдары улгая баштаган 4161 аял катышкан. Медиктер аларды маал-маалы менен кабыл алып, жумушунан тышкаркы кыймыл-аракет активдүүлүгү, салмагы тууралуу маалымат алып турушкан.

Иликтөө аягына чыкканда катышкандардын 34 пайызы 90 жаштан ашкан. Алардын көбү күнүнө 1-2 сааттан ашык активдүү кыймылдаган жана узун бойлуулар болгон. Эми окумуштуулар бойдун узундугу өмүргө кайсы жагынан таасир этерин иликтешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0