Встреча игроков сборной Кыргызстана по футболу в аэропорту Манас

Ак шумкарлар Бишкекке учуп келди. Биринчи эле эмне дешти

818
(жаңыланган 17:40 25.01.2019)
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасын "Манас" аэропортунан журналисттер менен күйөрмандар тосуп алышты.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы учуп келди. Аларды "Манас" аэропортунан журналисттер менен күйөрмандар тосуп алышты.

Футболчуларды күтүп тургандар алар чыгары менен кызуу куттуктап, кыйкырып, колдорун кысып жатышты.

Чабуулчу Виталий Люкс чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан материалдарга карабастан, өзүн абдан атактуу деп деле эсептебей турганын, элдин колдоосун сезип жатканын айтты.

"Трибунадан, интернеттен элдин колдоосун кадимкидей сезип турдук", — деди ал.

Люкс филиппиндиктер менен беттеште үч гол киргизип, жылдызы жанган оюнчу.

Ал эми дарбазачы Кутман Кадырбеков чыга келгенде ошол жерде тургандар ыраазылыгын билдирип, кучактап аз жерден аны басып кала жаздады.

Кадырбеков үйүн сагынганын айтты.

"Абдан толкунданып турам. Башка эч нерсе айта албайм!" — деди ал.

Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен болгон оюнда алгачкы голду киргизген Мирлан Мурзаев аны зарыгып күткөндөрдүн "төө бастысында" кала жаздады.

"Мен буга чейин айткам, дагы деле айтмакчымын, биздин күйөрмандар мыктылардын мыктысы", — деди ал.

Ал жерге балдарын тоскону келген ата-энелер кубанычтарын жашыра алган жок.

Бириккен Араб Эмирлигинин командасы менен болгон оюнда экинчи голду киргизген Турсунали Рустамовдун атасы уулу алты жаштан тарта футбол менен машыгып жүргөндүгүн айтып берди.

Sputnik Кыргызстан Мирлан Мурзаев менен Турсунали Рустамовдун үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, маек куруп келген.

Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 2:3 эсебинде утулуп калган.

Бирок социалдык тармактын Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү колдонуучулары мыкты беттеш болгондугун, Кыргызстандын курама командасынын артыкчылыгын белгилешти.

818
Белгилер:
күйөрман, Азия кубогу, Турсунали Рустамов, Виталий Люкс, Кутман Кадырбеков, Мирлан Мурзаев, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандын Азия кубогуна катышуусу (80)
Тема боюнча
Добуш берели! Мирлан Мурзаев Азия кубогундагы "мыкты голдун" ээси болушу мүмкүн
Гол киргизген Турсунали Рустамов жаңы төрөлгөн кызын көрө элек. Атасынын маеги
Кыргызстан футболчуларын кантип тосуп алат? "Ала-Тоо" аянтындагы иш-чара