Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев. Архив

Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкектеги Киев көчөсүнө ыйгаруу сунушталды

1720
(жаңыланган 23:25 24.01.2019)
Быйыл мамлекеттик ишмердин 100 жылдык мааракеси белгиленет.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков быйыл мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы экенин айтып, аны өкмөт Айтматовдун мааракесин өткөргөндөй жогорку деңгээлде белгилеши керектигин билдирди.

Аны менен катар Усубалиевдин аты Бишкектеги Киев көчөсүнө берилсе, жаңылыштык болбой турганын белгиледи.

"Быйыл татыктуу уулубуздун мааракесин өткөрүү милдети турат. Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекетин 25 жылга жакын башкарды. Бул убакыт ичинде жалпы дүң продукция 2,5 эсеге өскөн. Айыл чарба, мал чарбасы, дыйканчылык өнүктү. ГЭСтер курулду. Бишкек шаарындагы эң негизги маданий имараттар салынды. Бул кишинин эмгеги зор. Учурунда Чыңгыз Айтматов Усубалиевди Бишкек шаарынын архитектору деп жогору баа берген", — деди депутат.

Турсунбеков ошондой эле ага Нарын шаарынын депутаттары менен эли кайрылып, шаардагы эң негизги Ленин көчөсүнө Усубалиевдин наамын берүүнү сунуштап жатканын кошумчалады.

"Быйыл Турдакун Усубалиевдин мааракесин татыктуу өткөрсөк, мамлекетибизге эмгеги сиңген, экономикасын көтөргөн, мамлекет деп жүрүп өмүрү өткөн инсандарга татыктуу баа берип, урмат-сый көрсөткөн болобуз", — деди эл өкүлү.

Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүнүн аталышы эмнеге "7-Апрель" деп өзгөртүлгөнүн да билип алыңыз.

1720
Белгилер:
Турдакун Усубалиев, Жогорку Кеңеш, көчө, наам
Тема боюнча
Шабдан баатыр көчөсүнүн аталышы эмнеге "7-Апрель" деп өзгөртүлөрү айтылды

Алия Шагиеванын атасына арнаган эмгектери. Аянттагы акциянын видеосу

19
"Ала-Тоо" аянтында "Ветер перемен" аталышындагы акция өттү. Аны мурдагы президенттин кызы Алия Шагиева уюштурду.

Акция саясий репрессияга каршы багытталып, Алмазбек Атамбаевдин 65 жылдыгына арналды. Шагиева көргөзмөгө бир нече картиналарын жана тематикалык инсталляцияларды алып чыкты. Жасаган эмгектерин Айкөл Манастын эстелигинин алдына койгон.

Иш-чарага Атамбаевдин үй-бүлөсү жана үзөңгүлөштөрү катышты.

Атамбаев эки жылдан бери абакта отурат. Ден соолугу начарлаганына байланыштуу учурда №47 колонияда кармалууда.

19
Белгилер:
Алия Шагиева, акция, көргөзмө, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Алия Шагиева атасы Алмаз Атамбаевге арнап аянтта акция уюштурду. Сүрөт
Акыйкатчы Токон Мамытов абакта жаткан Алмазбек Атамбаев менен жолукту
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Жапаров Тажикстандан түз эле Ошко келди

74
(жаңыланган 19:19 17.09.2021)
Мамлекет жетекчисинин коңшу өлкөгө сапары эки күнгө созулду. Анда ЖККУ жана ШКУ саммити өттү.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажикстанга барган президент Садыр Жапаровдун сапары жыйынтыкталып, Ош шаарына келгенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, мамлекет жетекчиси Душанбе шаарында 16-17-сентябрь күндөрү өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты. Жыйынтыгында декларациялар кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлган.

"Иш сапары аяктаган соң президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, "Өзгөн-Мунара-2021" этнофольклордук фестивалына катышуу үчүн Ош шаарына келди", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөн шаарында өтө турган иш-чара саат 20.25те башталмакчы.

74
Белгилер:
Садыр Жапаров, Тажикстан, Ош, иш сапар, фестиваль
Тема боюнча
Жапаров эмненин негизинде Калиев менен Авазовго ырайым берди? Расмий жооп
Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн "Кохи Навруз" комплексине келди